TikTok социалдык тармагы 19-январда АКШда майзам чегинде тыюу салынагынына карабай ишмердүүлүгүн улантат. Бул тууралуу TikTok X (мурдагы Twitter) баракчасында расмий жарыяланганын чет элдик басылмалар билдирди.
Маалымдалгандай, компаниянын мындай кадамына АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын TikTok'ко каршы мыйзамдын аткарылышын жылдыруу боюнча билдирүүсү себеп болгон.
"Биз президент Дональд Трампка 170 миллион америкалыктарга ТикТоктун кирүү мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн, биздин кызмат провайдерлерибиз санкцияларга дуушар болбошуна кепилдик бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп белгиленген маалыматта.
Кошумчалангандай, Трамп кол коё турган буйрук аталган социалдык баракчасына 90 күнгө бөгөт койбоо боюнча болмокчу. Бул арада өлкөдө көп жыл кызмат кылуу боюнча келишимдер каралмакчы.