АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика булуңунун аталышын Америка булуңу деп өзгөртүү процессин баштаган буйрукка кол койду. Тиешелүү документ Ак үйдүн сайтына жарыяланганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Документте Ички иштер министрлиги булуңдун аталышын өзгөртүүгө болгон бардык зарыл чараларды 30 күндүн ичинде көрүшү керектиги белгиленген.
Эске салсак, Трамп 6-январда Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Мексика булуңунун атын Америка булуңу деп өзгөртүү планы бар экенин айткан. Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум Мексика булуңу БУУ тарабынан таанылган ысым экенин белгилеп, керек болсо Түндүк Америка континентин Мексикалык Америка деп өзгөртүү керектигин билдирген.
Белгилей кетсек, Трамп президенттик кызматка расмий түрдө кечээ, 20-январда киришти. Анын инагурациясы Вашингтон калаасында болду. Ал АКШда ноябрь айында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен.