Коңшу Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Шерзат Болаттын өлүмү боюнча тергөө иши аяктады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда Алматы облусунун полициясы тергөө ишин аяктады, материалдарды эки тарап таанышкандан кийин сотко өткөрөт.
"Өткөн жылдын 4-октябрына караган түнү болгон жашы жете элек өспүрүмдүн өлүмү боюнча иш териштирилип бүттү. Учурда тараптар сотко чейинки тергөөнүн материалдары менен таанышууда. Таанышуудан кийин кылмыш иши мыйзамдуулугун текшерүү жана сотко жөнөтүү маселесин чечүү үчүн прокурорго жөнөтүлөт", - деп билдирген Алматы облусунун полициясы.
Эске салсак, окуя өткөн жылдын 4-октябрында Талгар шаарында орун алган. Анда кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн сприт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, алар тааныштарын чакырып, 13 адам болуп келишкен. Окуя андан ары чыңалып, Шерзат атасына болушуп, жүрөгүнө бычак менен жаракат алган. Натыйжада өспүрүм оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.
Окуядагы күбөлөрдүн айтымында, мушташка келгендердин баары куралчан болушкан. Алардын экөө өспүрүмгө кол салуу болуп жаткан учурда апасын кармап турган. Чоң энесин да түртүп жиберген.
Алматы облусунун прокуратурасы жалпы 7 шектүүнү кармагандыгын айткан. Ал эми иштин тергөөсүн Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов жеке көзөмөлүнө алгандыгын билдиришкен.
Аталган окуядан көп өтпөй, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Ал асынып алганы айтылган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.
Ал эми 10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Ал 15 суткага камакка алынып, 26-декабрда бошотулган.