Кечээ, 21-январда Энергетика министрлиги Кыргызстанда эмне үчүн электр жарыгына болгон баа кымбатташы керек экенин түшүндүрүү жана элдерге туура маалымат жетүүсү үчүн журналисттер, активисттер, энергетиктер жана жөнөкөй жарандар болгон 100дөй кишини "Камбар-Ата-1", "Камбар-Ата-2" жана "Токтогул" ГЭСтерине алып барды.
Белгилей кетсек, 14-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында май айынан тарта өлкөдө электр энергиясына болгон баа 26 тыйынга кымбаттаарын айткан.
Анын айтымында, былтыр май айында жарандар үчүн 1 кВт/саат электр энергиянын баасы 1 сом 11 тыйынга көтөрүлгөн. Быйыл майда ал 26 тыйынга кымбаттап, 1 сом 37 тыйынды түзөт.
Ошентип, Бишкектен саат 07:00дө чыккан узун колонна алгач Токтогул районундагы "Камбар-Ата 2" ГЭСине саат 12:30да жеттик. Бул пресс-турга министр Таалайбек Ибраев өзү дагы катышты. Анда министр "Камбар-Ата 2" ГЭСинде учурда бир агрегат иштеп жатканын, дагы бир агрегаттын орду даярдалып жатканын айтты.
"Бул ГЭС 2008-2009-жылы курулуп, 2010-жылы ишке берилген. Ушунча убакыттан бери ушул эле ГЭС курулган. Ошондо дагы бир эле агрегаты. Бул жерде үч агрегат курулушу керек. Ар бир агрегат 120 мегаваттан электр энергиясын бериши керек. Азыр 120 мегаваттык бир эле агрегат иштеп жатат. Быйыл кудай буюрса экинчи агрегатты ишке киргизебиз. Бүгүнкү күндө Евразия өнүктүрүү банкынан 120 миллион доллар бөлүнгөн. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз, тендерден уткан компанияга долбоорду ыйгарабыз", - деди Таалайбек Ибраев.
Министр "Камбар-Ата 2" ГЭСиндеги экинчи агрегатты курууга болжол менен үч жылдай убакыт керектелерин айтты.
Таалайбек Ибраев "Камбар-Ата 2" ГЭСинен чыккан электр энергиясы "Датка Кеминге" кошуларын белгиледи.
"ГЭСте канча жабдыктар, канча линия бар. Жылдан-жылга доллар өсөбү, алар дагы өсөт. Биз бүт тетиктерди, трансформаторлрду, изоляторлорду чет жактан алып келебиз. Ошол эле чубалгыларды алалы, мунун баары алюминий чубалгылар. Өзүңөр бүгүнкү күндө алюминийдин килограммынын баасын билесиңер. Ушунун баары чыгаша болуп жатат. Чакан ГЭСтерди куруп жатабыз. 2024-жылы эле 48,5 мегаваттык чакан ГЭСтерди курдук. Быйыл дагы андан кем эмес чакан ГЭСтер курулат", - деди министр өз сөзүндө.
Министр ушуга жараша электр жарыгынын тарифтик баасы болушу керектигин айтып өттү.
"Бүгүнкү күндө биздин сатып аткан тариф чыгымыбызды дагы актабай жатат. Эгерде ушунтип отура берсек 5, 10 жылда такыр эч нерсеси жок отуруп калабыз. Ошондуктан азыр куруп башташыбыз керек. Азыр мамлекет жардам берип жатат. Мамлекет "Камбар-Ата 1ге" 4 миллиард сомду бюджеттен берип жатат. Биз тарифке жетпеген акчаны мамлекеттен алып жатабыз", - деди Таалайбек Ибраев.
Андан ары министр "Камбар-Ата 1" ГЭСи курула турган жерди көрсөттү. Ал ГЭСке баруу үчүн тоннель казуу керек болгон. Союз убагында казылып келип бүтпөй калган узундугу 1388 метр болгон тоннель казылып бүттү. Учурда тоннелге асфальт басуу, жарыгын жана вентиляциясын орнотуу иштери жүрүүдө.
План боюнча "Камбар-Ата 1" ГЭСи Токтогул ГЭСине караганда көбүрөөк электр энергиясын өндүргөн эң ири электр станциясы болот. Бирок анын курулушу миллиарддаган долларларды жана 10 жылга жакын убакытты талап кылат.
Кийинки сапарыбыз Кара-Көл шаарында жайгашкан Токтогул ГЭСине болду. Дал ушул сапарда Таалайбек Ибраев "Токтогул суу сактагычында суу сатылып жатат" деген кептерге жооп берди.
Анда министр "Токтогул" ГЭСинде 100дөй камера бар экенин айтып, "суу сатылып жатат" деген сөз болбогон сөз экенин баса белгиледи.
"Сууну кантип, каякка сатмак элек? Токтогулдан чыккан суу дарыя менен түз эле "Таш-Көмүр", "Шамалды-Сай" сыяктуу ГЭСтерге барат. Ал ГЭСтердин иштеши дагы керек да бизге. Орто жолдо сууну буруп кетчү канал же арыктар жок", - деди министр.
Сапардын алкагында "Токтогул" ГЭСиндеги агрегаттар көрсөтүлдү. Буга чейин "Токтогул" ГЭСинде үч агрегат реконструкциядан өткөн. Эми төртүнчү агрегатты ректонструкциядан өткөрүү пландалууда. Төртүнчү агрегатты реконструкциядан өткөрүү март айында башталат. Министр бул үчүн дагы көп каражат талап кылынарын, бирок реконструкциядан өткөн агрегат мурдагыга салыштырмалуу 60 мегаватт көбүрөөк электр энергиясын берерин айтты.
Пресс-турдун аягында Таалайбек Ибраев өндүрүлгөн электр энергиясы ар бир үйгө жетиш үчүн дагы орто жолдо жоготуулар болорун, бул дагы чыгымга кирерин айтып, Кыргызстанда жөн жерден электр энергиясы кымбаттабай турганын баса белгиледи.