АКШ никотин паучтарын тамеки чеккендер үчүн зыяндуулугу аз альтернатива катары тааныды

АКШнын коомдук саламаттыкты сактоо боюнча башкы жөнгө салуучу органы чылым чеккендерге тамекиге жана салттуу чылымга эффективдүү альтернатива сунуш кылып, никотин паучтарын сатуусуна уруксат берди.

АКШнын Тамак-аш азыктарынын жана дары-дармектердин сапатына санитардык көзөмөл башкармалыгы (FDA) шведдик Swedish Match чегүүчү эмес тамеки буюмдарын жасоочу ZYN никотин паучтарынын 20 түрүн жактырды. Алар керектөөчүлөрдүн ден соолугуна тийгизген таасирин масштабдуу илимий изилдөөдөн өткөргөн.

Америкалык Business Wire маалымат агенттиги кабарлагандай, бул 18 жаштан жогору тамеки чеккендерге салттуу тамеки буюмдарына жакшы альтернатива берүү аркылуу коомдук ден соолукту коргоого багытталган маанилүү кадам.

Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча ири жөнгө салуучу органдын чечимин комментарий берип жатып, Swedish Match компаниясынын президенти Том Хейс бул тамеки тарткандарга өздөрүнүн адатынан арылууга жардам берерине ишенерин билдирди.

«45 миллион америкалыктар никотинди үзгүлтүксүз колдонушат жана алардын 30 миллионго жакыны чылым чегет, бул никотинди керектөөнүн эң зыяндуу түрү. FDA’нын чечими ZYN’дин адамдарга тамеки жана башка салттуу тамеки буюмдарын таштоого жардам берүү аркылуу коомдук ден соолукту коргоодо ойной турган ролун тааныйт», - деди ал.

Никотин паучтары (никпэктер) – никотин камтыган тамекисиз кичинекей баштыктар. Никпэктер төмөндөтүлгөн тобокелдик продуктулары болуп саналат. Негизги аргумент – бул күйбөй турган никотин, анда уулуу түтүн жана тамеки, рактын жана башка өмүргө коркунуч туудурган оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн болгон зыяндуу заттар азыраак. Бирок, башкармалык белгилегендей, ZYN жөнүндө атайын чыгарылган жыйынтыктар, продукт толугу менен коопсуз жана FDA тарабынан бекитилген дегенди билдирбейт.

«Эч кандай зыяны жок чылым буюмдары жок, эгер адам аны колдонбосо, баштабай эле койгон оң», - деп баса белгилешет эксперттер.
Буга чейин АКШнын Тамак-аш азыктарынын жана дары-дармектердин сапатына санитардык көзөмөл башкармалыгы IQOS тамеки жылытуу тутуму үчүн таасири азыраак продукт катары Кошмо Штаттарда биринчи жана жалгыз сатууга уруксатын берген. Анын салттуу тамеки буюмдарынан принципиалдуу айырмасы – тамеки күйгүзүлбөй, ысытылат, бул да зыяндуу заттардын кыйла азыраак пайда болушуна жана бөлүнүп чыгышына алып келет. Ошол кезде FDA кадимки тамекилерден никотин жеткирүүнүн инновациялык ыкмаларына өтүү менен чоңдордун ден соолугуна зыяны азайганын көрсөткөн илимий изилдөөлөр тууралуу маалымат берген.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын январь айынан тарта Кыргызстанда түтүнү жок тамекини жана курамында никотин бар түтүнсүз азыктарды, анын ичинде снюс жана никпэкттерди өндүрүүгө, импорттоого жана сатууга тыюу салынган. Ошол эле учурда, тамеки чегүү менен күрөшүү боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, никотиндик көз карандылыктын кыйналган адамдардын пайызы жогору бойдон калууда - ачык булактардын статистикасына ылайык, тамеки чеккен эркектердин үлүшү 48 пайыз, аялдар – 2,8 пайызды түзөт.

Калктын саламаттыгына олуттуу коркунуч инфекциялык эмес оорулардын төрт негизги тобун түзөт, алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын 28 миң 840 адамдын өмүрүн алат, бул бардык өлүмдөрдүн 83 пайызын түзөт. Атап айтканда, тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр системасынын жана дем алуу органдарынын оор патологияларынын пайда болушуна жана өнүгүшүнө шарт түзгөн негизги факторлордун бири бойдон калууда.

Жалпысынан, жугуштуу эмес оорулардын жүгүн жана чектелген ресурстарды эске алуу менен, ата мекендик саламаттыкты сактоо системасы эбегейсиз зор оорчулукта турат. STEPS улуттук изилдөөсүнө ылайык, ЖЭО менен ооругандарды дарылоо менен байланышкан түз жана кыйыр экономикалык жоготуулар жылына 17 миллиард сомго жетет. Ыкчам жана адекваттуу чараларсыз бул көрсөткүч өсө берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан