Ядролук державалардын ортосунда куралдуу кагылышуу коркунучу өсүүдө жана буга НАТО күнөөлүү. Бул тууралуу 23-январда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
Ал белгилегендей, дүйнөдө геосаясий атаандаштык максималдуу чегине жеткен. Ошондуктан ири мамлекеттердин, анын ичинде ядролук державалардын ортосунда кагылышуунун ыктымалдуулугу барган сайын жогору болуп баратат. Ошол эле учурда Шойгу НАТОну Орусия менен Беларустун чек арасына жакын жерде активдүүлүгүн күчөтүп жатат деп айыптады. Анын баамында, альянс чабуул жана коргонуу сценарийлери менен аскердик машыгууларды өткөрүүдө, бул Москвада олуттуу тынчсызданууну жаратууда.
Буга жооп катары Орусия менен Беларус “өз кызыкчылыктарын коргоого жана Батыштын кырдаалды ичтен туруксуздаштыруу аракеттерине жол бербөөгө багытталган” алдын ала чараларды көрүүдө. Шойгунун айтымында, Минск азыр Орусиянын “өзөктүк кол чатырынын” коргоосунда. Бул өткөн жылы Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан бекитилген Москванын өзөктүк доктринасындагы өзгөртүүлөрдүн аркасында мүмкүн болду.
Доктрина өзөктүк куралды массалык кыргын салуучу куралды колдонуу менен жасалган чабуулдун мизин кайтаруу үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаралса, өзөктүк бомба менен сокку уруу мүмкүн болот.
Бирок Украина Курск аймагында операция баштап, аймактын 20 пайыздан ашыгын басып алганда, Орусия доктринаны ишке ашырууга батынган жок.
Батышта Орусиянын аракеттери провокация катары бааланууда. НАТО Беларуста тактикалык өзөктүк куралдын жайгаштырылышын айыптады. Альянстын лидерлери мындай кадамдар чыңалууну күчөтүп, аймактагы стабилдүүлүккө коркунуч келтирип жатканын айтышты.
АКШ өз кезегинде Москванын аракеттерин жоопкерчиликсиз деп атады. Вашингтон өзөктүк саясатын өзгөртүүнүн зарылдыгы жок экенин билдирди. НАТОнун мурдагы баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын саясатын “Батышты жана Украинаны коркутуу аракети” деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда альянс өлкөлөрү Москванын коркутууларын олуттуу нерсе катары карашпайт, алар өзөктүк жаңжал коркунучу теориялык гана коркунуч бойдон калууда деп эсептешет.