SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын алкагында бул жолу Германиядагы IT-компанияларынын биринде эмгектенип жаткан Салават Исламов менен маектештик.
Учурда "GIP mbH" компаниясында иштеп жатканын айткан мекендешибиз Германияга болгон билим сапары, максаттары, аймактардагы окуучуларды акысыз окутуп келген “Ойгонуу” долбоору тууралуу кеп кылды. Ошондой эле ал маектин жүрүшүндө кыргыз жаштарын жасалма интеллектти туура колдонуу аркылуу билим куржунун байытууга, кесип тандоодо дүйнөдөгү технологиялык өзгөрүштөрдү эске алууга чакырды. Эмесе, маекке көз чаптырыңыз, окурман.
— Салават, саламатсызбы! Алгач эле окурмандарыбызга өзүңүз тууралуу кенен маалымат айтып өтсөңүз.
— Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тушунда жайгашкан Бөрү-Баш деген айылдын кулуну болом. СССР урап, эл өз жүгүн өзү артып, кыйынчылыкты башынан өткөргөн 90-жылдардагы катардагы үй-бүлөдө өсүп-чоңойдум. Төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн.
Айылымдагы мектепти аяктадым. Мага мектеп убагындагы эң жаккан нерсе – биздин мугалимдер болду. Алардын деңгээли абдан жогору болгондуктан, өзгөчө улуу муундагы эжей-агайлардын жакшы таасири тийип, келечектеги кадамдарыма чечүүчү роль ойногон. Мисалы, тарых сабагында дүйнөдө жана мекенибизде болуп өткөн окуяларды Турсунбай агайыбыз абдан кызыктуу сүрөттөп түшүндүрчү. Анын сабагынан кийин ошол окуялар көз алдыңа тартыла түшчү.
Мен үчүн мектептеги эң маанилүү окуя – информатика сабагынын киргизилиши болду. Ошол учурдан тартып программалоого кызыгуум артты. Анткени информатика сабактарынан олимпиадаларга катышып, облустук деңгээлде ийгиликтерге жетишип, келечекте программалоочу болууга чечим чыгарган элем.
Албетте, мугалимдердин эле эмес, ата-энемдин жана бир туугандарымдын колдоосу да мен үчүн абдан маанилүү болду. Программалоого кызыга баштаганымда ата-энем ошол учурдун эң күчтүү компьютерлеринин бирин алып берип, олимпиадаларга даярданганымда үй жумуштарынан бошотуп, дайыма мага ишенишерин айтып турушчу. Бул нерсе алдыга умтулууга чоң стимул болду. Ошондуктан эгер окуучу кандайдыр бир нерсеге кызыкса, ата-энелер аны колдоп, мисалы, ноутбук алып берип же чет тилдер курстарына жаздырып, анын талантына жараша жардам берсе, ийгилик – убакыттын гана маселеси.
Ойлоп көрсөм, ата-энемдин чет жакка кетпестен жаныбызда болгону биз үчүн чоң бакыт экен. Азыр миграциянын айынан ата-энесин сагынган окуучуларды ойлосом жаным кейийт.
Ошентип 2014-жылы мурда олимпиадаларда таанышкан КМКТАУдагы кыргыз-немис факультетине тапшырып, окуп калдым. Бул – жашоомдогу экинчи чоң бурулуш болду. Себеби ошол факультет аркылуу 3-курстун аягында сынактан өтүп, Германиянын Саксония жергесиндеги Цвиккау колдонмо илимдер университетинде (Computer Science багыты боюнча) ДААД уюмунун бир жылдык стипендиясы менен окуумду улантууга мүмкүнчүлүк алдым.
Бишкектеги окуум жөнүндө айта кетсем, ал жерде IT багытында билим алууга, чет тилдерди үйрөнүүгө, Германиядан келген профессорлордун сабактарына катышууга жана коррупциясыз билим алууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар эле. Мындан сырткары жакшы окуган студенттерге ай сайын 110 евро өлчөмүндөгү стипендия берилчү. Бактыма жараша ошол стипендияга илинип, окууга толук көңүл бөлүүгө шарт түзүлгөнүнө абдан сүйүнөм.
Бул факультет немис профессору Георг Байердин демилгеси менен негизделип, көптөгөн кыргыз жаштарына Европада билим алууга эшик ачып берди. Учурдан пайдаланып окуучуларга ЖОЖ тандоодо коррупциядан алыс жана чет өлкөгө барып окуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү варианттарды караштырууну сунуштайм. Бул – адилеттүү чөйрөдө билим алууга жана жакшы өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Германиянын Цвиккау шаарындагы окуум тууралуу айтсам, Кыргызстанда башталган билим жолумдун экинчи жарымы ошол жакта уланды. Ал жактан жаңы маданиятка күбө болуп, көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Немистердин тактыгы, профессорлордун кесипкөйлүгү, маалыматты жеткиликтүү жеткирүү ыкмалары мага абдан жакты. Ошол жакшы сапаттарды өзүмө сиңирүүгө аракет кылдым.
Бир өзгөчөлүк – бул жактагы университеттерде сабактардын саны аз болот. Мисалы, бир семестрде 5-6 гана сабак өтүлөт. Бул нерсе окууга жакшы фокусту коюуга жана жергиликтүү IT-компанияларда стажировкалардан өтүүгө шарт түзөт.
Окуу учурунда студенттердин стажировка аркылуу кесиптик чөйрөгө эртерээк аралашканы абдан маанилүү. Бул – жумуш базарындагы ордуңду бекемдөөгө жардам берет. Ошондуктан студенттерге дал ушундай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоону сунуштайм.
Чет жакта жүргөндө билимге болгон умтулуу күчөп, окууну ийгиликтүү аяктоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
— Учурда Германиянын кайсы шаарында турасыз? Канча жыл болду ал жакта жашап, иштеп жатканыңызга? Жумушуңуз тууралуу айтсаңыз.
— Учурда Германиянын Саксония жергесиндеги Хемниц шаарында жашайм. Убагында ушул шаардагы "msg.Group" деген IT-компанияда практика өтөп, окууну аяктагандан кийин ошол эле компанияда иштеп калдым.
Аталган фирмада камсыздоо тармагына багытталган программалык продукт жасаган бөлүмдө 5 жылдай эмгектендим. Германияда камсыздоонун ар кандай түрлөрү өнүккөн: үй-жаныбарларына, адамдын ден соолугуна, үй буюмдарына, автоунааларга жана башка камсыздандыруулар бар.
Өткөн жылы карьерамда өзгөрүүлөргө убакыт келгенин сезип, башка компанияга жумушка орноштум. Анткени өзгөрүүлөр көп учурда прогрессти алдыга жылдырууга жардам берет. Учурда "GIP mbH" деген компанияда онлайн хоум-офис форматында иштейм. Бул компания жумушчу персоналга байланыштуу программалык продуктуларды иштеп чыгат.
Германия өтө бюрократиялуу өлкө болгондуктан, бул нерсе биздин продуктуларга болгон талапты жогорулатып, иш процессинде бизнес талаптарын кодго айлантууда кызыктуу чакырыктарды жаратат.
Жалпылап айтканда, мен Java тилинде иштеген backend-программистмин. Немистер менен иштешүүдө кызыктуу нерселерди байкаса болот. Биринчиден, жумушундагы тактык жана берилгендик абдан маанилүү. Бул – өзүнчө эле маданият.
Германияда иштөөнүн мага жаккан дагы бир жагы – work-life balance (жумуш жана жеке жашоонун тең салмактуулугу). Бул жерде белгиленген жумуш убактысынан ашыкча иштөөгө уруксат берилбейт, ал эми эмгек өргүүсүнө 30 күн берилет, мында дем алыш жана майрам күндөрү кошулбайт.
Жалпылап айтканда, бул убакытка чейинки тажрыйбамдан программалык инженер берилген бизнес талаптарын оптималдуу чечүүгө, кодду келечектеги мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жазууга жана командадагы мүчөлөр үчүн аны түшүнүктүү кылууга тийиш экенин түшүндүм.
— IT кызматкери болуу балалык кыял беле?
— Ооба, жогоруда айткандай бул багытка, кызыгуум мектеп учурунда башталган. Информатика сабагынан берген Турсунбек агай кошумча ийрим уюштуруп, мен 8-класстан тартып ага катыша баштагам. Ийримде агайыбыз программалоо боюнча тапшырмаларды чечүүнү үйрөткөн. Бул нерсе логика, математика жана геометрия боюнча жакшы билимди талап кылгандыктан мага абдан кызыктуу болду. Ошол ийримге барып, тапшырмаларды чечип, кийин олимпиадаларга катышып жүргөндө өзүмдү футбол талаасындагы Месси же Роналду сымал сезип, ушунчалык берилүү менен убакыт өткөргөнүм эсимде. Бул берилгендикти азыр деле жогото элекмин десем болот.
— Эң сонун! Соңку кездерде технология өнүгүп, айрым кесиптердин ишин робот, жасалма интеллект алмаштырат деген кептер айтылууда. Бүтүрүүчүлөр кайсы кесиптерди өздөштүргөнү максатка ылайык дейсиз?
— Ооба, чынында эле учурда тарыхый өзгөрүүлөрдүн күбөсү болуп жатабыз. Өзгөчө жасалма интеллект тармагында АКШ менен Кытай бири-биринен ашып түшүүгө аракет кылууда. Бул өнүгүү жакынкы келечекте күнүмдүк жашообузга чоң таасирин тийгизет.
Айрым кесиптер азыркы биз билген формасын өзгөртүшү мүмкүн. Мисалы:
Айтор, фантазия жеткендей нерселерди элестете берсек болот. Мындай технологиялык революциялар мурда дагы болгон. Мисалы, өнөр жай революциясы, азыр болсо ал андан да чоң масштабдагы технологиялык төңкөрүшкө айланды.
Кесип тандоодо роботтор же ЖИ алмаштыра турган адистиктерге сын көз караш менен кароо маанилүү. Мисалы, "келечекте котормочу болом" десеңиз, бул идеядан баш тартканыңыз туура болот. Анткени азыркы тапта эле синхрондук котормолор реалдуу убакыт режиминде автоматташтырылып жатат. Бирок "чет тил мугалими болом" десеңиз, бул башка кеп. Себеби мугалимдик кесип ар дайым керек болот деп ойлойм.
Ошол эле учурда ЖИ программисттердин жумушун толугу менен алмаштыра алабы деген суроо да актуалдуу. Менимче, ЖИ программисттердин айрым жеңил иштерин өзүнө алат, бирок бул кесипке болгон талап жоголбойт. Тескерисинче, атаандаштык күчөйт. Ошондой эле ЖИни иштетип, тейлеп, өнүктүрүү үчүн дагы жаңы кесиптер пайда болот.
Ошондуктан IT багытында билим алууну каалаган студенттер өтө тыкан окуп, мурунку муундагы студенттерге салыштырмалуу бир топ күчтүү болушу талап кылынат. Бирок жакшы окуу үчүн керектүү ресурстар азыр мурдагыдан да көп – ЖИ аркылуу окутуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат.
Жалпылап айтканда, эн негизгиси – өзүңүзгө жаккан кесипти тандоо жана ал аркылуу жетиштүү киреше табуу. Себеби жумуш – бул жашообуздун дээрлик үчтөн бир бөлүгү.
Эң башкысы мектепти бүткөндөн кийин дароо эле акча табууга умтулбастан, мыкты университеттерге тапшырганга, чет тилдерди эртерээк үйрөнүүгө, жакшы чөйрөдө болууга аракет кылуу – ийгиликтүү карьера үчүн идеалдуу формула.
— “Ойгонуу” деген долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири экенсиз. Айтсаңыз, бул социалдык долбоор кандай максатта, качан түзүлгөн? Азыркы кезде иш алып баруудабы?
— "Ойгонуу" долбоорун региондордогу мекендештерибизге IT тармагын жана жалпы инсандын өнүгүүсүнө тиешелүү билимди жеткирүү максатында баштадык. Биз кыргыз тилдүү онлайн курстарды даярдап, аларды Кыргызстандын жети дубанындагы аймактарга жайылтуу аракетин көрүп жатабыз.
Мисалы, өткөн жылдагы окуучуларыбыздын саны 500дөн ашып, Баткенден Ысык-Көлгө чейинки региондорду камтыган. Бул биздин эң масштабдуу окутуу агымыбыз болду. Жалпысынан бул долбоор 2020-жылдан бери иштеп келе жатат. Ал негизинен ыктыярчылардын жана бир максатты көздөгөн адамдардын аракетинин аркасында уланууда.
Курсубуздун алкагында көпчүлүк мектеп окуучуларына программалоонун негиздерин, веб-сайттарды жасоону үйрөтүп, IT дүйнөсүнө жол ачып беребиз. Мындан сырткары инсандын өнүгүүсүнө багытталган онлайн жолугушууларды белгилүү спикерлердин катышуусунда уюштурдук.
Бул долбоор негизинен шаардагы курстарга катышууга мүмкүнчүлүгү жок айылдык окуучуларга багытталган. Азыркы учурда курстарыбызды баштоо үчүн даярданып жатабыз. Долбоор социалдык жана ыктыярчылык негизде иштеп жаткандыктан быйылкы жылы курстардын башталышы бир аз кечеңдеп калды.
Биз буга чейин курстарды мектеп календарына тууралап баштачубуз, быйыл болсо башка убакытта баштоону пландап жатабыз. Азыр ыктыярчылар тобу менен кыргыз тилинде программалоо тилдери боюнча сабактарды тартып, аларды YouTube платформасына жүктөп жатабыз. Биздин максат – интернети бар ар бир кыргыз жаштарына программалоону дүйнөлүк деңгээлде үйрөтүү.
Учурдан пайдаланып айта кетейин, бул айда окууну баштайлы деп жатабыз, эгер IT жаатында окууну каалагандар болсо "Ойгонуу" долбоорунун социалдык баракчаларына кайрылсаңыздар болот.
— Долбоордун алкагында канча окуучу билим алды? Ошол эле учурда жыйынтыктары сиздер күткөндөй болдубу?
— Төрт жарым жылдан бери болжол менен 1000ден ашык окуучубуз биздин окуу платформабызга катталган. Мындан сырткары YouTube каналыбыздагы сабактарды да көптөгөн адамдар көрүп пайдаланып жатышат.
Алгач окуунун форматы жөнүндө кыскача айтып кетсем: биздин окуучулар айылдагы мектептин информатика кабинетинде же ошол сыяктуу компьютер жана интернет менен камсыздалган жайларда жумасына 5 жолу сабакка келишет. Алар атайын курстарыбыз жүктөлгөн онлайн платформа аркылуу белгиленген жүгүртмө боюнча окушат. Мындан тышкары жумасына бир жолу мугалимдери менен онлайн жолугушуп, суроолорун беришет жана темаларды талкуулашат.
Аралыктан окутуу оңой иш эмес. Себеби студенттердин окууга туруктуу катышуусу жана сабакка болгон ынтызарлыгы чоң мааниге ээ. Мисалы, курстун башында 100 окуучу катталса, курстун аягында алардын 10-20 пайызы гана аны толук бүтүрөт. Бирок бул табигый көрүнүш, анткени IT тармагы баарына эле жага бербейт.
Ошондой эле биздин курстар өз алдынча аракеттенүүнү талап кылгандыктан, айрым студенттер үчүн бул татаал болушу мүмкүн. Онлайн мугалимдер бардык студенттердин суроолоруна жооп берүү үчүн ар дайым жетиштүү убакыт таба албайт. Быйыл бул көйгөйлөрдүн айрымдарын чечүү үчүн жасалма интеллектти окутууда кандайча туура колдонсо болот деген жаңы ыкмаларды изилдеп жатабыз. Анткени акысыз Google Gemini, DeepSeek сыяктуу ЖИ (жасалма интеллект) куралдары учурда кыргыз тилинде IT боюнча так жана түшүнүктүү жоопторду бере алган даражага жетти. Биздин көз карашыбызда мындай инновацияларды кыргыз жаштары билим алууда активдүү колдонушу керек. ЖИни бардык суроолорго жооп бере алган мугалим катары кабыл алып, аны менен туура иштөөнү үйрөнүү өтө маанилүү.
— Сиз кадырлап, үлгү туткан инсандар…
— Эң алгачкы үлгү туткан инсаным – Мухаммед пайгамбар (с.а.в.). Ал эми азыркы доордо жашап жаткан адамдарды алсак, мен бир дагы адамды толугу менен идеалдаштыруудан алысмын. Бирок ар кимдин өзгөчө жакшы сапаттарын алып, өзүмө өрнөк кылганды жактырам. Мисалы, Германияда студент кезде жатаканада жашап жүргөндө бир окуя мени абдан таасирленткен.
Кыргызстандык досумдун бөлмөсүнө кирип калдым. Ал үйүндө жүргөн жөргөмүштөрдү дароо эле өлтүрүп салбай, кичинекей кагазга салып, акырын эшикке чыгарып коё турган. Анын ушул кичинекей жандыктарга боор тартканы мага катуу таасир эткен. Ошондуктан жашоодогу ушундай майда учурлардан сабак алып, адамдардын жакшы сапаттарын байкап, алардан үлгү алганды жактырам.
— Айланаңыздагы адамдардын жашоосуна, коомго, дүйнөгө кандай салым кошкуңуз келет?
— Бул жашоодо көрүнүктүү из калтыргым келет. Азыр өлкөбүз өнүгүү жолуна жаңыдан түшүп келе жатат.
Бирок башка мамлекеттер менен салыштырганда жадакалса кошуна өлкөлөрдүн кээ бир тармактарында артта калып бара жатканыбызды көрүп жатам. IT тармагы да ушул тизменин ичинде. Ошондуктан Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүүгө өз тажрыйбамды салып, колдон келишинче салым кошкум келет. Бул аракеттин бир бөлүгү катары кыргыз тилинде бекер жана сапаттуу видео курстарды даярдоо – менин негизги максаттарымдын бири.
Эгер жаштардын IT тармагына болгон мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсек, анда өлкөбүздүн экономикасы дагы өсөт, дүйнөлүк базарда атаандаштыкка жөндөмдүү программисттер көбөйөт.
— Күткөндү жакшы көрөсүзбү?
— Эгер философиялык жактан карасак, мен ар бир нерсе өз убагында болот деп ишенем. Кээде күтүүсүз келет, кээде узак күттүрүп, сабырыңды сынап келет. Бирок ар дайым белгиленген учурда келет. Эгер күнүмдүк жашоону алсак, жолугушуудагы же иш-чаралардагы күтүү мен үчүн чоң маселе эмес. Мен узак убакыт күткөнгө даярмын. Анткени жашоонун ушул сыяктуу чакырыктарын жеңил кабыл алууга аракет кылам.
— Салават, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем! Ишиңизде ийгиликтер көп болсун!