Ханзаада Рахим Аль-Хусейни Ага Хан V исмаилиттердин руханий лидери болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал кечээ, 5-февралда Португалиянын Лиссабон шаарында 88 жаш курагында каза болгон атасы Карим Ага Хан IVтүн керээзи ачылгандан кийин шиит-исмаилиттердин имамы болуп жарыяланган. Атасы 4-февралда дүйнөдөн кайткан.
Рахим Ага Хан 1971-жылы 12-октябрда Швейцариянын Женева шаарында туулган. Ал маркум Ага Хан IV жана анын биринчи жубайы Салиманын тун уулу.