Жалган жалаа үчүн айыпка жыгылган жарандан өндүрүлгөн каражат мамлекеттин эсебине түшөт

Өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткан жарандардан өндүрүлгөн каражат мамлекеттин эсебине түшөт. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Биринчиден, айып пулдар мамлекетке түшөт. Экинчиден, адам моралдык чыгымдын ордун толтуруу үчүн сотко өзүнчө да өтүнүч келтирсе болот. Ошонун айынан ден соолугуна оор залал келип, психикалык жактан жабыркап, ооруп калса, сотко өтүнүч келтире алат", - деди Сыдыков.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбооруна 31-январда президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал бүгүн, 10-февралдан баштап күчүнө кирди.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды бир нече ирет талкуулап, өткөн жылдын 19-декабрында кабыл алган. Мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан