Жалган маалымат тараткандар айыпка жыгылат. Президент мыйзамга кол койду

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында бүгүн, 31-январда мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Эми интернетте жалаа жаап, мазактаган жана жалган маалымат тараткан адамдар 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиалар 65 миң сом айып төлөшөт. Ошондой эле укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт.

Мыйзам долбоору 10 февралдан баштап күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды бир нече ирет талкуулап, өткөн жылдын 19-декабрында кабыл алган. Мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан