Мурунку директор эми министр болду, орун басарлар алмашты. Бир жумада орун алган кадрдык өзгөрүүлөр

Өлкөдө 10-февралдан 14-февралга чейин бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Аларды төмөндөгү топтомдо тизмектейбиз.

Апта башында, тагыраагы 10-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Тынчтык Шайназаров шайланганы кабарланды. Ал 2021-жылдан бери БШКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Ал эми төраганын орун басарынын милдети Айдана Жупуева аткармай болду.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Нуржан Шайлдабекова аркалап келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп Азамат Найманбаев дайындалганы 11-февралда белгилүү болду. Ал буга чейин Кыргызстан эл аралык университетинин биринчи проректору болуп иштеген.

Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров жаңы түзүлгөн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы кылып Чыңгыз Кожошевди дайындады. Эске салсак, 4-февралда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматын жоюлуп, анын ордуна Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын түзүлгөн.

Буга удаа Ички иштер министрлиги тарабынан Октябрь РИИБде текшерүү жүргүзүлүп, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Алардын тизмеси шилтемеде.

Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчисинин орун басарынын милдети Кубатбек Оморовго жүктөлдү. Буга чейин ал кызматты Нурадил Баясов аркалаган.

13-февралда Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.

Ага ылайык, президент Садыр Жапаров 11-февралда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кылып өзгөрткөн.

Бүгүн, 14-февралда саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов кызматынан бошотулуп, ордуна Манас Токтомуратов дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан