Бүгүн, 14-февралга караган түнү Орусиянын дрону Чернобыл атомдук электр станциясынын (ЧАЭС) саркофагына тийди. Бул тууралуу Уккраинанын лидери Владимир Зеленский айткандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, бул кабарды ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Анда саркофагга тийген дрондон улам өрт чыгып, өчүрүлгөн. Жабыркагандар катталган эмес.
Учурда радиациялык фон жогорулаган жок жана бул дайыма көзөмөлдөнүп турат. Алгачкы эсептөөлөр боюнча, баш калкалоочу жайга олуттуу зыян келтирилгендиги маалыматта кошумчаланган.