УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маалымат берип жатып, "Головной" суу бөлүштүрүү жайы кандай чечилгенин айтты.
Анда Ташиев чыр чыгып келген "Головной" тилкесиндеги үч люктун 1,5ы - үч-төрт метр жер Кыргызстанга өтүп, ошончо өлчөмдөгү жер тилкеси 1,5 люк менен Тажикстан тарапка өткөнүн айтты.
"Головнойду 1989-жылкы сүйлөшүүдө эле ортосунан бөлүп өтөбүз деген сүйлөшүү жүргөн. Бирок биз ал нерсени караган жокпуз. Эми Ак-Суу суусу башынан баштап бөлүнүп келе жатып, "Головнойго" келгенде эле бөлүнбөй калып жатат. Алар "ортосунан бөлөбүз" деп, биз болсо "жок, бөлбөйсүңөр" деп келдик. Ошентип биз эки жылдай талашып жүрдүк окшойт. Акыры бөлө турган болсок компенсация бересиңер деп, ошол жердеги 3 люкту 1,5 люктан кылып бөлдүк.
Ал жер эми 3-4 метр жер болсо керек. Ошонун негизинде биз Унжу-Булак участогунан 500 гектар жер алдык, Чоң-Алай районунда. Кароол-Дөң участогунан 100 гектар жер алдык. Бул жанагы Сүлүктү шаарына кире бериш жердеги жолдун үстүнө чейин Тажикстандыкы болчу. Жолдун үстүнөн Сүлүктү шаарын карап турушат эле. Ошону 100 гектарга чейин ичине киргиздик. Анан Каттатуз участогунан 150 гектар жерди алдык.
"Каттатуз участогу бирде тажиктерде, бирде бизде болуп, ызы-чуу эле болуп жүргөнбүз. Бирок биз документти карасак, ал жер бизге бөлүнгөн эмес экен. Ошондой болсо дагы биз Каттатузду 300-300дөн кылып тең ортосунан бөлгөнбүз. Ал жердеги скважиналар дагы тең ортосунан бөлүндү.
Бирок ошого кошумча Каттатуздан 150 гектар жерди кайра алдык. Ошентип "Головной" суу бөлүштүрүүчү курулмасынын 1,5 люгунун ордуна биз 750 гектар жерди алдык", - деди Ташиев.