Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 16 жаштагы Шерзат Болаттын өлүмү боюнча тергөө аяктап, анын чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка ылайык, эки тарап бардык материалдар менен таанышып, андан ары иш сотко өткөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 40 экспертиза дайындалып, 200гө жакын күбө суракка чакырылган. Ошондой эле бардык шектүүлөр көрсөтмөлөр менен текшерилип, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлгөн.
Мындан сырткары кылмыштын бардык катышуучуларына юридикалык баа берилип, 8 видеоматериал экспертизадан өткөрүлгөн.
"Кылмыш ишинин көлөмү жалпы 62 томду түздү. Анын ичинде: бардык чогултулган далилдер, эксперттердин корутундулары, сурак корутундулары жана бардык жагдайларды аныктоо үчүн маанилүү болгон материалдар. Ар бир тергөө аракети кылмыш-жаза мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүргүзүлүп, тергөөнүн бардык этаптарында мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана объективдүүлүк камсыз кылынды", - деп жазылган полициянын берген маалыматында.
Эске салсак, окуя өткөн жылдын 4-октябрында Талгар шаарында орун алган. Анда кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн сприт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, алар тааныштарын чакырып, 13 адам болуп келишкен. Окуя андан ары чыңалып, Шерзат атасына болушуп, жүрөгүнө бычак менен жаракат алган. Натыйжада өспүрүм оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.
Окуядагы күбөлөрдүн айтымында, мушташка келгендердин баары куралчан болушкан. Алардын экөө өспүрүмгө кол салуу болуп жаткан учурда апасын кармап турган. Чоң энесин да түртүп жиберген.
Алматы облусунун прокуратурасы жалпы 7 шектүүнү кармагандыгын айткан. Ал эми иштин тергөөсүн Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов жеке көзөмөлүнө алгандыгын билдиришкен.
Аталган окуядан көп өтпөй, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Ал асынып алганы айтылган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.
Ал эми 10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Ал 15 суткага камакка алынып, 26-декабрда бошотулган.