Кыргыз футболу оор жоготууга учурады

СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, кыргыз футболунун ардагери Мусаев Юсуп Иминович 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Маркум 1957–1969-жылдары легендарлуу Фрунзенин "Алга" командасында ойноо менен Кыргызстандын футбол тарыхында өчпөс из калтырган. Ал "Алгада" жалпы 10 жылдан ашык чабуулда ойногон.
Мусаев ХХ кылымдагы Кыргызстандын эң мыкты футболчусу деп табылган. Анын футболдук карьерасы оюнчулук менен гана чектелбестен, машыктыруучулук жаатында да улантылып, "Алга" командасын жетектеп, Олимпиадалык резерв мектебинде машыктыруучу болуп иштеген.
Эмгеги жогору бааланып, Даңк медалы менен, ФИФАнын президентинин грамотасы менен сыйланган.
Маркумду жерге берүү зыйнаты бүгүн, 28-февралда өтөт. Жаназа намазы 7-Апрель мечитинде саат
13:00 чамасында окулуп, маркум Орок айылындагы көрүстөнгө коюлат.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан