Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Рогун гидроэлектростанциясына (ГЭС) барды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жеке өзү Кыргызстандын МинКаб башчысы үчүн экскурсия өткөрдү. Анда Касымалиев курулуштун жүрүшү, Борбор Азиядагы эң ири гидроэнергетикалык долбоордун масштабы, ошондой эле ГЭСтин жетекчилиги тарабынан берилген учурдагы абал, станциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жана аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоодогу ролу жөнүндө маалымат менен таанышты.
Кыргызстанда "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу контекстинде гидроэнергетикалык объектти куруу тажрыйбасын изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
"Рогун ГЭСин курууда топтолгон тажрыйба биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул жерде колдонулган технологияларды жана ыкмаларды изилдөө, албетте, өлкөбүздүн жана бүткүл региондун энергетикалык коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ "Камбар-Ата-1" ГЭСинин долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга жардам берет", - деди Касымалиев.