Бишкекте кыз зордуктоого шектүү 5 жаран 28-апрелге чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Свердлов райондук сотунан маалымдашты.
Соттон бидиришкендей, шектүүлөрдү камакта калтыруу өтүнүчүн Свердлов РИИБинин улук төргөөчүсү келтирген. Анын өтүнүчү канааттандырылган.
Айта кетсек, буга чейин борбордо зордуктоо фактысына шектүү катары 25 жаштагы 3 жаран жана 24 жаштагы 2 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланган.