УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов 2022-жылдан бери Баткенге 9 гана жолу барганын айтты.
Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-марттагы жыйынында Ташиев Айжигитовду оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган чек ара боюнча маселеде коомдо туура эмес пикир жаратты деп айыптады.
"Сиз айткан сөз менин жүрөгүмө тийди. Ошондон бери мен бир сөз айта элекмин. Бүгүн айтайын деп жатам, бүгүн жарылайын деп жатам", - деди Ташиев.
Ал ошондой эле депутат Айжигитов 2021-жылдын ноябрь айынан баштап 2025-жылдын март айына чейин Баткенге 9 гана жолу барганын айтты.
"Ал 2022-жылдагы трагедияда Баткенге бир дагы жолу барган эмес. Канчалаган ар түрдүү аймактардан бардык эл Баткенге барып, жардамын берип, элди колдоп, аскерлерге жардам беришти. Ал күндөрдү эстен чыгарбагыла. Бул күндөрдө Султанбай Абдрашитович бир дагы жолу барып койгон эмес. Мына колумда турат. Бардым десе айтсын. Бир дагы адамга жардам беген эмес, бир дагы адамга моралдык колдоо көрсөткөн эмес", - деп кошумчалады УКМК төрагасы.