"Башканын көзүндөгү кыпынды көрөсүңөр". Айжигитов Ташиевге жооп берди (видео)

Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралууда.

Анда жетишилген келишим менен тааныштырып жаткан УКМК башчысы Камчыбек Ташиев депутат Султанбай Айжигитовду оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган келишим боюнча коомдо туура эмес пикир жаратты деп айыптады. Ал депутат 2017-жылы жаш баланы ур-токмокко алганын, кийин кылмыш ишин жаптырып кеткенин кошумчалады.

Буга Айжигитов жооп кылып, "өз көзүңөрдөгү тарашаны көрбөй, башканын көзүндөгү кыпынды көрөсүңөр" деди.

"Бүгүн мен чек ара жөнүндө такыр эле сүйлөбөйүн дедим эле. Мен өз позициямды айткам жана ошол позициямда турам. Эми сиз жеке мага күнөөлөрдү коюп жаткандан кийин ошол жөнүндө сөз кылайын. Азыр эми күч да, акча да, бүт ресурстар да силердин колуңарда. Эми эмне десеңер жараша берет", - деди эл өкүлү.

УКМК башчысы саясат кылообого чакырып, фактылар бар экенин, тиешелүү органдар баа берерин айтты. Айжигитов ал уюштурулган иш экенин, баласына да тоскоолдуктарды көрсөтүшкөнүн белгилеп, тергөөчүлөр эч кандай күнөө таба албай коюшканын эске алды. Депутат кезинде Ташиевдин үстүнөн деле кылмыш иши ачылганын, кийин жабылганын айтты. Камчыбек Ташиев анын иши саясий чечим болгонун белгиледи.

Эске салсак, парламенттин 5-марттагы жыйынында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча жетишилген келишим тууралуу пикирин билдирип, Ворух анклавына траспорттук коридордун берилишин катачылык катары баалаган. Мындан тышкары эл өкүлү бул маселеде Тажикстан максатына жеткен деп билерин айтып, Достук айылынын коңшу өлкөгө өтүп жатканын да туура эмес чечим деген.

Эл өкүлү билдирүүсүнөн кийин кесиптештеринин талоонунда калып, "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган.

Жогорку Кеңеш 19.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан