Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында бокс боюнча кыз-келиндер арасында алтын медаль уткан алжирлик Иман Хелиф 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиадага катышууга даяр экенин билдирди.
"Мен түз жооп берем – Кошмо Штаттардын президенти Кошмо Штаттардагы трансгендерлик саясат боюнча чечим кабыл алды. Мен трансгендер эмесмин. Бул мени кызыктырбайт жана мен коркпойм. Бул менин жообум.
Албетте, дагы бир алтын медаль утуу үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Мен кыялымды аткарам", - деген ал ITV телеканалына берген маегинде.
Эске сала кетсек, Парижде өткөн Олимпиада оюндарында Иман Хелифтин жынысына байланыштуу жаңжал чыккан. Анда атаандашы италиялык Анжела Карини алжирлик мушкердин өтө эле күчтүүлүгүн айтып, беттештен баш тарткан. Интернетте "Халиф спорттук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн жынысын өзгөрткөн" деген айыптоолор тарай баштаган.
Кошумчалай кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп 5-февралда трансгендер спортчуларды аялдар арасындагы мелдештерге катышуусуна тыюу салган буйрукка кол койгон болчу.