UFC уюмунун оор салмак боюнча мурдагы чемпиону, 42 жаштагы америкалык мушкер Кейн Веласкес Санта-Клара округунун соту тарабынан 2022-жылы адам өлтүрүүгө аракет кылган жана ок атуучу куралды мыйзамсыз колдонуу менен кол салганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Белгилей кетсек, райондук прокурордун орун басары соттон мушкерди 30 жылга эркинен ажыратууну суранган. Ал эми мушкердин адвокаттары шарттуу же сыноо мөөнөтүн талап кылган.
Жыйынтыгында сот аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга абакка кескен.
Эске салсак, Веласкес 2022-жылдын февраль айында уулуна асылган адамдын унаасын бир нече жолу аткылап, анын атасын жарадар кылган.