АКШ Орусия тарап менен Эр-Рияддагы сүйлөшүүнүн чоо-жайын ачыктады 

Эр-Риядда АКШ менен Орусия делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүү тууралуу Ак үй билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Аталган сүйлөшүүнүн чоо-жайын АКШ кечээ, 25-мартта ачыктаган. Анда бир нече маселер талкууланганы маалым болду.

АКШ менен Орусия коопсуз навигацияны камсыз кылуу, күч колдонууну жоюу жана Кара деңизде коммерциялык кемелерди аскердик максатта колдонууга жол бербөө боюнча макулдашты.

АКШ Орусиянын айыл чарба продукцияларын жана жер семирткичтерди экспорттоодо дүйнөлүк рынокко чыгуусун калыбына келтирүүгө, деңиз камсыздандыруу наркын төмөндөтүүгө жана портторго жол ачууга жардам берет.

АКШ менен Орусиянын президенттери "Орусия менен Украинадагы энергетикалык объектилерге кол салууга тыюу салуу жөнүндө" келишимди ишке ашырууга чараларды иштеп чыгууну макулдашты.

АКШ менен Орусия бекем жана туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн аракетин улантат", - деп жазылган Ак үй тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 24-мартта Эр-Риядда өткөн орусиялык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну ачыкталбай турганын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан