Жогорку Кеңеш Султанбай Айжигитовдун Ак үйгө киргизилбеши боюнча билдирүү жасады

Султанбай Айжигитовдун мандаты Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылгандыгына байланыштуу ал парламент имаратына киргизилген эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 28-марттагы жыйынында партиялык тизме менен “Ыйман нуру” саясий партиясынан шайланган депутат Султанбай Айжигитовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бул боюнча БШКнын тиешелүү токтому Жогорку Кеңешке келип түшүп, ыйгарым укуктары токтотулгандыгына байланыштуу Султанбай Айжигитовдун депутат катары парламент имаратына кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгү тиешелүү эрежеге ылайык чектелген.

Анткени Жогорку Кеңештин имаратына депутаттар жана аппараттын кызматкерлери атайын белгиленген эшиктерден өтүп, электрондук түрдөгү каттоосу боюнча гана кире алышат. Ал эми жарандарга атайын берилген уруксат кагазы менен парламент имаратына кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Султанбай Айжигитов болсо депутаттар жана кызматкерлер кирген эшиктен кирүүгө аракет кылып, ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу токтомду көрсөткөндөрүнө карабай, коопсуздукту караган кызматкерлерди тасмага тартуу менен алардын ишине тоскоолдук жараткан", - деп билдиришти парламенттен.

Бүгүн, 2-апрелде Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин имаратына киргизилген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан