Казакстандагы Шерзат Болаттын өлүмү: Сот түз эфирде көрсөтүлүүдө

Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 16 жаштагы Шерзат Болаттын өлүмү боюнча сот түз эфирде ачык көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу казак басылмасы Tengrinews.kz билдирди.

Маалыматка ылайык, сот процессинин катышуучуларынын пикирин эске алып, соттук териштирүүнү ачык режимде өткөрүү чечими кабыл алынган. Аталган сотту түз эфирде Жогорку Соттун Ютуб каналынан көрүүгө болот.

Эске салсак, окуя өткөн жылдын 4-октябрында Талгар шаарында орун алган. Анда кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн спирт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Шерзаттын атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Окуя андан ары чыңалып, Шерзат атасына болушуп, жүрөгүнө бычак менен жаракат алган. Натыйжада өспүрүм оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.

Алматы облусунун прокуратурасы жалпы 7 шектүүнү кармагандыгын айткан. Ал эми иштин тергөөсүн Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов жеке көзөмөлүнө алгандыгын билдиришкен.

Аталган окуядан көп өтпөй, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Ал асынып алганы айтылган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.

Ал эми 10-декабрда агасынын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Ал 15 суткага камакка алынып, 26-декабрда бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан