113 жыл мурун "Титаник" чөккөн. Фактылар

1912-жылдын 15-апрелинде адамзат тарыхындагы эң белгилүү деңиз кырсыктарынын бири - "Титаник" кемесинин чөгүп кеткен. Бул окуя дүйнө коомчулугунун эсинде кылымдап сакталат жана коопсуздук, инженерия, адам тагдыры тууралуу көп суроолорду жараткан.

"Титаник" кемеси (RMS Titanic) – ошол убактагы эң чоң, эң заманбап жана эң коопсуз деп эсептелген жүргүнчү лайнери болгон. Ал Англиянын Саутгемптон портунан 1912-жылдын 10-апрелинде Нью-Йоркко карай сапарга чыккан. Бул кеменин алгачкы жана акыркы сапары болгон. Бортунда 2200дөн ашык жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү бар эле. Алардын арасында бай жана белгилүү адамдардан тартып, жаңы жашоого үмүт арткан жөнөкөй мигранттар да болгон.

Кеме 14-апрелде кечинде айсберг муз тоосун сүзүп, кеменин алдыңкы бөлүгү тешилип, бир нече сааттын ичинде чөгүп кеткен. Натыйжада болжолдуу 1495-1640 адам каза болуп, 712 адам куткарылган.

Кырсык:

  • Сааты: 1912-жылдын 14-апрелинде кечки саат 23:40 чамасында.
  • 15-апрелде 02:20да (түнкү саат) кеме экиге бөлүнүп, толугу менен сууга чөккөн.
  • Суу температурасы -2°C болгондуктан, көпчүлүк адамдар суукта тоңуп каза болушкан.

Кеменин түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрү:

"Титаник" кемеси Британиядагы "Харланд энд Вулф" (Harland and Wolff) компаниясы тарабынан курулган жана "Вайт стар лайн" (White Star Line) компаниясына таандык болгон. Кеме 269 метр узундукта, 28 метр туурасы менен ошол доордун эң ири жүргүнчү лайнери катары саналган. Анда үч класстагы жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө люкстар, ресторандар, бассейн, спорт зал, китепкана, эс алуу үчүн залдар жана фортепиано бар меймандар бөлмөсү болгон.

Кеменин өзгөчөлүгү – ал 16 суу өткөрбөс бөлүмгө бөлүнүп, алардын жарымы суу каптаса дагы кеме чөкпөйт деп эсептелген. Бул коопсуздукка болгон ашкере ишенимдин символу болуп, кеменин "чөкпөс" деген даңазалуу аталышына негиз болгон.

Себептери:

  • Жогорку ылдамдыкта сүзүп баратканы
  • Муздуу аймактар тууралуу эскертүүлөргө жетиштүү көңүл бурулбаганы
  • Куткаруучу кайыктардын жетишсиздиги. 2200 адамдын 1178и гана куткаруучу кайыктарга баткан.

Кырсыктан кийин:

"Титаник" кырсыгы дүйнө коомчулугунда шок жаратты жана дүйнөгө чоң сабак болду. Көптөгөн деңиз эрежелери кайрадан каралып чыкты. Анын ичинде:

  • Деңиз коопсуздугу боюнча жаңы эл аралык келишимдер кабыл алынган (мисалы, SOLAS – Safety of Life at Sea, 1914).
  • Ар бир кеме толук сандагы куткаруучу кайыктар менен камсыздалышы керек деген талап киргизилген.
  • Муз аймактарын көзөмөлдөө үчүн атайын кызмат түзүлгөн
  • Муздуу аймактарда ылдамдыкты чектөө киргизилген.

"Титаниктеги" белгилүү адамдар:

  1. Жон Жейкоб Астор IV (John Jacob Astor IV)
  • Америкалык миллиардер, ишкер, ойлоп табуучу жана аскер адамы.
  • АКШдагы эң бай адамдардын бири болчу. Өзүнүн жаш аялы Мадлен менен саякаттап келе жаткан.
  • Ал аялын куткаруучу кайыкка отургузуп, өзү калат. Астор сууга чөгүп каза болгон.

2. Исидор жана Ида Штраус (Isidor & Ida Straus)

  • "Macy’s" соода түйүнүнүн кожоюну Исидор жана анын жубайы Ида.
  • Куткаруу кайыгына отуруу мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай, "Аялдар жана балдардан мурун кайыкка отурбайм" деп Исидор баш тартат.
  • Ида күйөөсүн жалгыз калтыргысы келбей: "Сен кайда барсаң, мен да барам. Биз көп жыл чогуу жашадык. Эми чогуу өлөбүз", - деп, өзүнүн ордуна кызматчы аялды отургузат.
  • Алар экөө тең кырсыкта каза болушкан. Бул окуя сүйүүнүн символу катары эл эсинде калган.

3. Молли Браун (Margaret "Molly" Brown)

  • Бай америкалык айым жана активист.
  • Титаник чөккөндө активдүү жардам берип, башка аялдарды жана балдарды куткарууга салым кошкон.
  • Кийин “Чөкпөгөн Молли Браун” деген атка конгон.

4. Томас Эндрюс (Thomas Andrews)

  • Кеменин башкы инженери, долбоорлочу;
  • Кеме чөгүп жатканда башкаларга куткаруу жиптерин тагып, кандайча аман калуу керек экенин түшүндүрүп жүргөн;
  • Акырында өзү да каза болгон. Анын эрдиги үчүн көптөр аны баатыр деп аташат.

5. Бенжамин Гуггенхайм (Benjamin Guggenheim)

  • Америкалык өнөр жайчы, атактуу Гуггенхайм үй-бүлөсүнүн мүчөсү.
  • Кеме чөгүп баратканда кызматчылары менен бирге смокинг кийип, "Биз мырзалардай өлөбүз" деген сөзү менен таанылган.
  • Ал да куткарылбай калган.

Куткаруу иштери:

  • Куткаруучу "Карпатия" кемеси (RMS Carpathia) Титаник жардам белгисин (SOS) жөнөткөндө биринчи болуп жетип, 700дөн ашык кишини куткарган.
  • Саат 04:00дө кырсык болгон жерге жетет.

Титаниктин акыркы радиосигналдары трагедиянын эң таасирдүү жана жүрөк титиреткен бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. 1912-жылдын 15-апрелинде, кеменин муздак сууга чөгөрүнө жакын, эки радиотехникалык кызматкер, Жек Филипс жана Гарольд Брайд, өздөрүнүн станцияларында акыркы билдирүүлөрүн жөнөтүшкөн.

Титаниктин акыркы толук SOS билдирүүсү 15-апрелде болжол менен саат 01:40та, орус "Бирма" кемесине жөнөтүлгөн. Бул билдирүүдө: "Биз музга урундук, тез чөгүп жатабыз, жардамга келгиле. Орду: 41.46 N, 50.14 W", - деп жазылган.

Ал эми акыркы кыска билдирүү, "жалпы чакыруу" (CQ) менен башталып, 02:17де "Вирджиниан" кемесине жөнөтүлгөн. Бул билдирүү абдан кыска болгон жана сигналдын үзүлүшү менен аяктаган. Бир нече мүнөттөн кийин "Титаник" суу түбүнө чөгүп кеткен.

Жеке билдирүүлөр жана күнүмдүк каттар:

Титаниктин радиосистемасы жеке билдирүүлөрдү жөнөтүүгө да мүмкүнчүлүк берген. Көптөгөн бай жүргүнчүлөр сүйүктүүлөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө кыска каттарды жөнөтүшкөн. Мисалы, "Салам, жигит. Бүгүн кечинде сен менен тамактанам, жүрөгүм ар дайым сенде. Сүйүүм менен кыз" деген билдирүү белгилүү болгон.

Маданияттагы орду:

"Титаник" дүйнөлүк маданиятта чоң из калтырды:

  • Кино: "Титаник"(Titanic, 1997, режиссёр Жеймс Кэмерон) – "Оскар" сыйлыгын жеңип алган.
  • Китептер, документалдык тасмалар, көргөзмөлөр – азыркыга чейин бул тема актуалдуу бойдон калууда.

Кызыктуу факттар:

  • "Титаникте" 4 куткаруучу түтүк болгон, бирок алардын бири жасалма болчу – сыртынан гана көрүнүп, эстетика үчүн коюлган.
  • 2025-жылы бул окуяга 113 жыл болду. Азыркыга чейин океандын түбүндө жаткан кеме калдыктары изилденип келет.

Суу түбүндө жаткан “Титаниктин” калдыктары – бир гана муздак океандын коюнунда эмес, адамзаттын жүрөгүндө да тоңуп калды. Ар бир жоголгон жан, ар бир куткаруу кайыгы жетпей калган адам тарыхта калды. Анын "чөкпөйт" деген даңкы бүт дүйнөгө жайылганына, заманбап технологиялар колдонулганына карабай, суу киргизбей турган бөлүктөргө бөлүнгөн корпусу өзгөчө мактоого алынган кеменин толук чөгүп кетүүсү – табияттын алдында алсыз экенибиздин далили.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан