"Акындыгың курусун". Депутат Камила Талиева кесиптешин зекиди (видео)

Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева кесиптешин зекигендей болду.

Жыйында "Борбордун жана Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

"Жана бир акыныбыз "жеке өзүңөрдүн таарынычыңар болсо эле чыга бересиңерби" дегендей... Ай, акындыгың курусун... Ошентип бирөөнөн жеке мамилемден улам өч алайын деген оюм жок. Айтып коёюн, биз мыйзамды, ишти талкуулап жатабыз, интриганы токтоткулачы айрым акындар. Эми арабызда акындар бар да. Акынды акын дейт да, анан эмне дейт? Анда ырчы дейинби?" - деди ал.

Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү отурумунда депутаттар 2025-2026-окуу жылына карата жалпы билим берүү тармагынын даярдыгы боюнча билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматын угушту. Анда ар бир фракциядан экиден эл өкүлүн гана сүйлөтүү сунушу берилип, буга Талиева каршы болгон болчу.

Ал "биз билим берүүнү коргойлу, министрди коргобой!" деген. Өз кезегинде Мирлан Самыйкожо айтылган сунушту колдой турганын айтып, "билим берүүгө келгенде, ар бирибиз билим берүүгө же кимдир бирөөгө болгон мамилебизди ортого сала бербейли" деген эле.

Жогорку Кеңеш 17.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан