"Мамлекеттин күчтүүлүгүн – анын жаштарынын билим деңгээлинен билсең болот" деп эл арасында айтылып келет. Жаштары канчалык билимдүү, кыраакы болсо, өлкөнүн келечеги бар, гүлдөп-өсүшү кеп эмес.
SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын кезектеги маеги Түркияда докторантурада билим алып жаткан Иззатбек Берхмаматов менен болмокчу.
Иззатбек 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда чоңоюп, Саит Алайчы уулу атындагы орто мектепте 11-класска чейин окуган. Ош технологиялык университетин аяктаган соң жаштар менен иштешип, жетекчилик кызматка чейин барган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасына Түркияда билим алуу эч тоскоолдук жараткан эмес.
- Алгачкы эмгек жолуңузду кайсы жерден баштагансыз?
- Жалпы эсеп менен алганда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 12 жылдык эмгегим бар. Ош шаарынкомитетинде ын жаштар комитетинде жөнөкөй кызматкерден жетекчилик кызматка чейин баргам. Ал ортодо Ош шаардык кеңешинде эмгектенип, шаардыктардын көйгөйүн эл өкүлдөрүнө жеткирип, калк үчүн кызмат кылгам. Атам Калмамат курулуш тармагында көп жыл эмгектенди, апам Апиза орус тил мугалими. Бул эки кишинин бир туугандарымдын баарын билимдүү кылышына эмгектери чоң. Алардын ак эмгегин актоо үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн билим алып, кызмат кылып келе жатабыз.
- Чет мамлекетке кетем деген кыялдарыңыз бар беле. Түркияга кандай барып калдыңыз?
- Башка өлкөгө барып, билим алып келем деген максаттар көп болду. Мен Turkiye Burslari программасы аркылуу докторантурага тапшырып, учурда Конья шаарында мамлекеттик башкаруу жана саясат багытында бюджеттик негизде окуп жатам. Эмне үчүн Түркияны тандап алуумдун себебин да түшүндүрө кетейин. Ош шаарында жаштар менен иш алып барып жүрүп, Түрксой тарабынан уюштурулган масштабдуу иш-чарага жардам бердик. Анда башка өлкөлөрдөн келген жаштардын агымы көп болду. Мындан тышкары “Ала-тоодон Кара деңизге чейин” аталышында Түрк мамлекеттеринин лидер жаштары чогулган ири форум өткөрдүк, анда катышууну каалап келген чет өлкөлүк жаштар басымдуу болду. Алар менен сүйлөшүп, баарлашууда тил маселеси жаралып, котормочулардын гана жардамы тийип жатты. Дал ушул иш-чаралар түрк дүйнөсүнө аралашып, тил үйрөнүшүмө түрткү болду десем жаңылышпайм.
- Чет мамлекетке окууга барам деген жаштарга кандай кеңеш бересиз?
- Замандын агымы бат алмашып, ааламдашуу болуп турган учурда билим гана сенин келечегиңдеги ой-максаттарды ишке ашырууга чырак болуп бере алат. Изденүү менен гана ийгиликке жетесиң. Баарына айтмакмын, "кылым жаша, кылым оку” деп. Бир багытта эле 5 жыл окуп жүрө бербестен, ар тараптан өзүңдү өнүктүрүүгө аракет кыл. Мамлекеттик кызматтарда иштеген учурда кызматкерлерге түрдүү квоталар келет, билим берүү министрлигинде стипендиялык багыттагы программалар бар. Ошолорго тапшырууга аракет кылыш керек. Чет мамлекетте окуш үчүн сенден умтулуу гана керек го дейм. Анан өжөрлүк менен чыдамкайлык эң маанилүү. Turkiye Burslari стипендиялык программасына тапшырган соң түрк жана англис тилдерин мыкты өздөштүрүү максатында атайын курстарга барып, окуп жүрдүм. Билим алуу бир күндүк же бир жылдык эмгекти талап кылбайт экен. Анын багыты чексиз, мүмкүнчүлүгү кенен экен. Андыктан ар тараптан аракет кылгыла демекмин.
- Маданий иш-чараларды өткөрүп жатасыз. Максаты эмнеде?
- Конья шаарында 100дөн ашык иштеп, окуп, жашап жаткан мекендештер бар. Алар биригип расмий эмес кыргыздар коомун түптөшкөн. Анын максаты – маданиятыбызды, салт-санаабызды жайылтып, тилдин өнүгүшүнө салым кошуу. Былтыр Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин катышуусунда иш-чара уюштурганбыз. Анда ар улуттун өкүлдөрү да келген, жалпы 600гө жакын киши катышкан чоң майрамдык салтанат болду. Кыргызстан жөнүндө конокторго маалымат берип, анын арты менен туристтерди өлкөгө чакыра алдык. Коомдун дагы бир максаты – Түркияда жашап жаткан балдарыбыз кыргыз тилин унутпай, бири-бири менен байланышып туруучу аянтча түзүп берүү болуп да саналат.
- Беш балаңыз бар экен, көз тийбесин! Түркияга келип отурукташып калуу кыйын болгон жокпу?
- Жубайымдын аты Перизат, экөөбүз беш баланы тарбиялап келе жатабыз. Окууга тапшырып, өтөрүм менен ойлонбой туруп үй-бүлөмдү алып кетем дегем. Анткени өзүм менен бирге балдарымдын билимине инвестиция жасап, шарт түзүп берүү милдети турду. Көнүп кетүү оңойго турган жок, бирок биргеликте аракет кылдык. Учурда түрк мектебинде окуп жатышат. Ал жактан англис, араб, орус, түрк тилдерин үйрөнүп, агай-эжейлеринен балдардын аракети күч экендигин, жакшы окууга тырышып жаткандыгын гана угам. Улуу кызымдын тарткан сүрөттөрү мектептин дубалдарында илинип турат. Түрк тилинде мага караганда жакшы сүйлөшөт. Балдарым менен сыймыктанам!
- Окуу менен катар бизнести да жөнгө салып жатасызбы?
- Ооба, бизнес менен алектенип, Кыргызстанга айыл чарба багытындагы техникалардын сапаттууларын жөнөтүп жатам. Мындан тышкары учурда сайт иштелип жатат. Анда түрк-кыргыз товарларын бир программага жүктөйбүз деген пландар бар. Кыргызстан үчүн экспортоо, импортоо багытына жардам берип, өлкөнүн соода-экономикалык өнүгүшүнө салым кошоюн деген илгери үмүтүм бар. Буюрса, жакында ишке ашып, ишкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачабыз деп турам.
- Кыргызстанга кайтып, мамлекеттин өнүгүшүнө кандай салым кошсом деген ниеттесиз?
- Чет мамлекетке келип, ар кандай адамдар менен баарлаштым. Өлкөсүндө согуш болуп, өз мекенине кайта албай жүргөндөрдү көрдүм. Анан мекеним бар, тынчтыктын жана өнүгүүнүн жолунда экендигине шүгүр келтирип, сыймыктандым. Окууну аяктасам Кыргызстанга инвестиция тартып, мамлекеттин экономикасына салым кошуп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзсөм деген максаттарым чоң.
- Рахмат маегиңизге, Иззатбек мырза! Окууларыңызга ийгилик.