Кыргыз кызы Марина Сайфидин кызы учурда дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларынын бири Падуа университетинде магистратурада билим алып жатат. Алдыда мыкты режиссёр-документалист болууну көксөгөн Марина кыялдарынын артынан сая түшүп, талыкпай изденүүнүн үстүндө. Саякатты сүйгөн, шайыр кыргыз кызы менен порталыбыздын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын алкагында маектештик. Мекендешибиз Италияга болгон билим сапары, стипендия, саякат жана кыялдары тууралуу сөз кылды.
Марина Сайфидин кызы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Бекжар айылында төрөлгөн. Мектепти аталган айылдан аяктаган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү.
— Марина, саламатсызбы! Окууларыңыз жакшыбы? Алгач өзүңүз тууралуу кенен айтып өтсөңүз...— Жакшы, рахмат. Атым Марина, бирок мага Марин, Мари деп кайрылгандары жагат. Эки эжем, байкем анан кичүү иним бар. Ата-энем азыр деле айылда турушат.
Мектепти аяктагандан кийин бир жыл Ошто окудум. Ага алымсынбай тырышып жатып Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырып калдым. Алар да кабыл алды анан. "Манаста" түркчө окутарын деле билбейт болчумун. Кичинемден журналистика багытында иштегим келчү. Бирок университетте бөлүмүм радио-телевидение жана кино болгондуктан кино багыты арбап алды мени. Айрыкча дипломдук ишимде даректүү фильм тартып жатып ушул багытта эмгектенгим келгендигин түшүндүм.
Университет мага эң чоң пайдубал болуп берди. "Манаста" түркчө окуй тургандыгын билбей эле келген баягы айылдык кыз университетти кызыл диплом менен аяктады. Биздин бөлүмдөн биринчи болуп кызыл диплом алыпмын да, агайым менден өтүп сүйүнүп жүрдү.
— Эң сонун, Италияга билим сапарыңыз кайдан, кантип башталды эле?
— Университетти бүткөндөн кийин ар түрдүү тармакта иштеп көрдүм. Кино, журналистика, консалтинг. Чет өлкөгө окуйм деген планым бар эле. Ошого "Аск Консалтинг" компаниясында Италия боюнча адис болуп 1 жарым жылдай иштедим. Иштегенче маалымат издеп, бекер окуунун жолдорун карап жүрдүм. Жалпысынан Европаны тандадым. Себеби жашоосу, маданияты боюнча мага эң жакканы Европа болчу. Ошентип Италияга, Венгрияга, Түркияга стипендиялык программаларга тапшырдым. Кудай жалгап, баарына өттүм. Анан Италиянын стипендиясы көбүрөөк экен деп тандап келе бердим (күлүп).
— Эмнеге Италияны тандагансыз?
— Биринчиден, өзүм каалаган факультетке өттүм. Акысыз билим, ага кошулуп стипендиясы жакшы. Себеби контракт төлөп окуй албайт болчумун да. Ошондой эле мен окуп жаткан Падуа университети дүйнөдөгү эң мыкты ТОП-200 университетке кирет.
— Кайсы багыт боюнча билим алып жатасыз?
— Медиа багытында деп айтсам болот. Менин бөлүмүмдүн аты Communication Strategies деп аталат.
— Окуу жай, стипендия тууралуу айтсаңыз. Жашоодогу керектөөлөрдү стипендия жаба алабы?
— Падуа чынында эле жакшы университет. Эл аралык студенттерге айрыкча аяр мамиле жасап, бүт этаптарда жардам берет. Жаңы өлкөгө келип, анан да документ иштери менен алектенген кыйын эле нерсе. Буга чейин студенттер менен иштеп билип жүрсөм да, келип ошол процесстерден өзүң өткөн башка экен. Билим сапаты боюнча, албетте жаккан да, жакпаган да жактары болот. Эң жакшысы - ар бир сабактын аягында профессорлор фидбэк (кайтарым байланыш) алышат. Жыл сайын программалар жаңыланып, өзгөрүп турат. Ошол нерсесин баалайм.
Эми стипендияга келсек, бир жылдык суммасы 7700 евро. Иштебей эле стипендия менен жашагандар бар. Бирок, менин оюмча, кошумча киреше болгону дагы жакшы. Айрыкча мага окшоп жаны тынбаган студенттердин сөзсүз кошумча кирешеси болушу керек.
— Көп саякаттайт экенсиз. Кайсы өлкөнүн туристтерге жасаган мамилесин өзгөчө жактырдыңыз?
— Чынын айтсам, магистратурага тапшырганымдын эң чоң себеби ушул саякат. Жалпысынан аябай көп өлкө деле көрө элекмин. Европада эле жүрөм азырынча. Маданияттары, калкы окшошуп кетет. Бирок ошол көргөн өлкө, шаарлардын арасынан италиялыктар ачык-айрым, шайыр-шатмандыгы менен жүрөктөн орун алышат.
— Чет тилди кантип бат өздөштүрсө болот?
— Чет тилди үйрөнүүдө жашоого аралаштырыш керек. Мисалы, кадимки эле телефонуңду англис тилинде колдонуп баштап дегендей. Анан күнүмдүк жашоодо болгон жөнөкөй нерсе катары колдонуп, кабыл алып үйрөнсө жеңил болот. Жана дагы анык бир план болсо да эң жакшы. Мисалы, мен магистратураны чет өлкөдө окуйм деген план коюп, ошол үчүн англисче үйрөнүшүм керек эле.
— Абитуриенттерге бере турган 4 кеңешиңиз...
— 1. Сөзсүз англис тилин үйрөнгүлө.
2. Колуңардан келсе бакалаврды чет өлкөдө окуганга аракет кылгыла.
3. Кесип тандай албай жатсаңар, аябай ойлонуп кыжалат болбой эле койгула. Себеби кайсы кесипти окусаң, ошону менен сөзсүз иштейсиң деген мыйзам жок. Азыр жаңы нерселерге ачык, ийкемдүү болуу эң маанилүү.
4. Өзүңөрдү тааныгыла. Бул силер чыккан эң кызыктуу жол, саякат болот.
— Бул суроону ар бир маектешиме берип келем. Тилекке каршы, Кыргызстанда кыз-келиндер зордук-зомбулукка көп кабылып келишет. Кыздар укугун коргой албай калганына эмне себеп болууда?
— Себеби кыздар укугунун бар экенин деле билбейт. Өзүн тааный албай, чоңоё албай туруп эле турмушка чыгып кеткендер көп да бизде. Өзүңдү тааныбасаң, өзүңдүн чек араң кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүтөрүн билбесең кантип укугуңду коргомок элең?! Ооба, мунун баары үй-бүлөдөн, коомдон көз-каранды. Жалпы карай турган болсок, биздин коом дагы деле агара элек да. Караңгылыктын тамыры оо кенен жайылган бойдон. Билим алуу, окуу менен гана жойбосок, башка айла жок.
— Италиялыктар эмнелерди сүйүп, кайсы нерселерди жаман көрүшөт экен?
— Италиялыктар кофесиз, круассансыз жашай албаса керек ушу (күлүп). Кофе чайдан да арзан. Чай кымбат, тескерисинче. Негизи Италияда түшкү саат 12ден кийин капучино ичишпейт, пастаны кесип жешпейт. Эң кызыгы, эртең мененки 11де деле алкоголдук ичимдик иче беришет.
— Эмнелер тууралуу кыялданасыз?
— Ишинин майын чыгарган режиссёр-документалист айымдардын катарын толуктасам дейм. Негизи мага социалдык темалар, коомдогу стереотиптер менен иштеген жагат. Мисалы, дипломдук ишим Даун синдромундагы балдар тууралуу болчу. Азыр дагы өтө оор, табу тема менен иштеп, долбоор даярдап жатам. Буйруса, ишке ашыра алам деп ишенем. Кыялдарым толтура, айтор.
— Кыргыз кыздары турмушка чыкканча кайсы нерселерге жетишүүсү же аткарышы керек деп ойлойсуз?
— Негизи мага турмушка чыккыча деген сөз жакпайт. Негедир турмушка чыкканда жашоо бүтөт деген маанини бергендей сезилет. Жалпысынан эле кыз киши окуп, өзүбүздү таанып-билели. Бул эң сонун нерсе. Эң эле жөнөкөй нерседен баштасак болот. Мисалы, мага эмне жагат же жакпайт, көңүлүм түшкөндө эмнелерди кылам? Ушул суроолорго жооп издесек...
— Марина, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат! Окууну ийгиликтүү аяктап алыңыз, максаттарыңыз орундалсын.