Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Мамлекеттик ипотекалык компанияда батир үчүн мугалимдер менен дарыгерлерге өзүнчө кезек түзүүнү сунуштады.
"МИКтин бирден-бир негизги саясаты мугалим, дарыгер сыяктуу өлкөнүн пайдубалын түзгөн негизги кесип ээлерин үй менен камсыздап берүү болушу керек. Бериле турган батирлердин 50 пайызын ушундай көп балалуу мугалим менен дарыгерлерге кезексиз бөлүшүбүз керек.
50 пайыз төлөмүн алдын ала төлөп ала тургандар батирди башка компаниялардан деле сатып ала алышат. Ал эми мугалимдин орточо айлыгы 20 миң сом болгондуктан алар эч качан сатып ала алышпайт", - деди ал.
Эске салсак, Абакиров мындай сунушту 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында да айткан.