Бүгүн, 28-майда Казакстандын Талдыкорган соту Талгарда өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын өлүмү боюнча сот ишин улантууда. Отурумдун жүрүшүндө Шерзаттын агасы Нурканат Гаипбаевдин мушташ учурунда алган жаракатына экспертиза жүргүзгөн соттук-медициналык эксперт Өмүрбек Жолымбетов сурак берди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Жолымбетов билдиргендей, Гаипбаевдин алган жарааттарын текшерүү мушташтан жети күндөн кийин жүргүзүлгөн. Соттук-медициналык экспертиза 9-октябрда болгон.
"Медициналык документтерге жана экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Гаипбаевге баш мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы, баштын жумшак ткандарынын жабыркашы, желке чөлкөмүнүн шишиги, көкүрөк клеткасынын жабык жаракаты, чыканак муундарынын көптөгөн жумшак ткандарынын жабыркашы, оң жамбашынын бычак менен сайылышы жана оң тизе муунунун жабыркашы аныкталган", - деди ал.
Эксперт белгилегендей, аныкталган бардык жаракаттар туюк катуу нерселерден, ошондой эле бычактан же кесүүчү нерседен келип чыгышы мүмкүн.
Сурак учурунда адвокаттардын бири экспертке кайрылып, "Гаипбаев үч жолу бычак жегенби" деген суроо узатты. Ал жеке көзөмөл кылганын айтып, башка жараат табылбаганын тастыктады.
Эске салсак, окуя өткөн жылдын 4-октябрында Талгар шаарында орун алган. Анда кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн спирт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Мындан улам Шерзаттын атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Натыйжада 16 жаштагы өспүрүм аталган жарандардын колундагы бычактан жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.
Алматы облусунун прокуратурасы жалпы 7 шектүүнү кармагандыгын билдирген.
Аталган окуядан көп өтпөй, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Ал асынып алганы айтылган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.
Ал эми 10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Ал 15 суткага камакка алынып, 26-декабрда бошотулган.