Япония жасалма кан жасоо менен медициналык чоң ачылыштын босогосунда турат. Жасалма кан адам өмүрүн сактап калууда революциялык өзгөрүү алып келиши мүмкүн. Илимий изилдөөлөрдү Нар медициналык университетинин профессору Хироми Сакай жетектөөдө. Анын командасы гемоглобинди капсула ичине салып, жасалма эритроциттерди жаратууда. Бул клеткалар коопсуз, вируссуз жана кан тобун текшерүүнү талап кылбайт.
Донорлордун азайышы жана канга болгон муктаждыктын өсүшү
Акыркы жылдары Япония калкынын санынын кыскарышы жана картаюусуна байланышкан кыйынчылыктарга туш болууда. Кандын донорлорунун саны азайып жатканы канга болгон муктаждыктын өсүшүнө алып келүүдө. Бул көйгөй өзгөчө кырдаалдар учурунда же алыскы аймактарда курч мүнөздө байкалат. Себеби кан топторунун шайкештигин аныктоо жана донордук кандын сакталышы чоң логистикалык тоскоолдук жаратат. Ушул жагдайды эске алуу менен, япон окумуштуулары коопсуз жана натыйжалуу альтернатива катары жасалма кан иштеп чыгууну көздөп жатышат. Аны каалаган убакта, каалаган жерде жана каалаган адамга куюуга мүмкүн.
Жасалма кан -кызгылт көк түстө
Япониянын жасалма кан багытындагы аракеттерин Нар медициналык университетинин профессору Хироми Сакай жетектеген топ алып барууда. Алар мөөнөтү өтүп кеткен донордук кандан гемоглобинди бөлүп алып, аны атайын капсула ичине жайгаштыруу аркылуу вируссуз жана туруктуу жасалма кызыл кан клеткаларын жаратуу ыкмасын колдонууда. Бул клеткаларда кан тобу жок болгондуктан, аларды шайкештигин текшербестен эле колдонууга болот. Албетте, бул өзгөчө кырдаалдарда абдан керектүү нерсе.
Ошондой эле Тюо университетинин профессору Теруюки Комацу да жасалма гемоглобин ташуучуларды иштеп чыгууда. Ал гемоглобинди альбумин менен каптап, кан басымын туруктуу кармоо жана кан жоготуу, инсульт сыяктуу ооруларды дарылоодо колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Жаныбарларда жүргүзүлгөн сыноолор жакшы натыйжаларды көрсөттү, эми окумуштуулар адамга сынап көрүүнү пландоодо. Белгилүү болгондой, жасалма кан- кызгылт көк түстө.
Япония жасалма кан ойлоп тапкан биринчи өлкө болушу мүмкүн
Япон окумуштууларынын жасалма кан багытындагы иши 2022-жылы гемоглобин везикулдары боюнча башталган алгачкы эксперименттер менен башталган, анда бул заттардын коопсуздугу жана кычкылтек ташуу мүмкүнчүлүгү тастыкталган. 2024-жылдын июль айында Нар медициналык университети 2025-жылдын март айына чейин адамдарда клиникалык сыноо башталарын жарыялаган. Мындай аракеттин максаты жасалма канды 2030-жылга чейин практикалык колдонууга жетишүү экени айтылат. Бул Японияны жасалма кандын негизинде медициналык жардам көрсөткөн биринчи өлкө кылышы мүмкүн.
Сыноо 100дөн 400 миллилитрге чейин жасалма канды дени сак ыктыярчыларга куюу менен башталат. Эгерде эч кандай терс таасир болбосо, кеңири масштабдагы изилдөөлөр улантылат. Жасалма кан бөлмө температурасында эки жылга чейин сакталат, ал эми табигый донордук кандын мөөнөтү 30 күндү түзөт.
Окумуштуулар Япониянын жасалма кан долбоору жөн эле илимий ийгилик эмес, бул адамзат алдында турган көйгөйгө жооп экенин айтышууда. Эгерде ал ийгиликтүү болсо, анда дүйнөлүк масштабдагы өзгөрүүнүн башаты болушу мүмкүн. Ошондой эле мындай изилдөөнү дүйнөлүк медицина коомчулугу үмүт менен көзөмөлдөөдө.