Бүгүн Кыргызстан менен БАЭ футбол талаасында оюн көрсөтөт

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюнчулары футбол талаасында оюн көрсөтөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун III тандоо этабынын алкагында өткөрүлөт.

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, БАЭнин курама командасы оюнга катышуу үчүн кечээ түндө Бишкек шаарына келген.

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын курама командаларынын футбол боюнча беттешин Кувейттен келген калыстар тобу тейлейт. Башкы калыс болуп Ахмад Алали дайындалган. Ага Абдулхади Аланези менен Ахмад Абас жардам беришет.

Белгилей кетсек, буга чейин 5-июнда болгон Кыргызстан Түндүк Корея беттеши 2:2 эсеби менен аяктап, кыргыз курамасы тандоонун кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан