14-июнда Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү белгиленди. Бул майрам адамдын кан топторун ачкан австриялык дарыгер Карл Ландштайнердин туулган күнүнө арналган. Донорлор республика боюнча жыл сайын миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, ден соолугун калыбына келтирүүгө жардам берип келүүдө. Ош облустук кан борборунда эле жылына 10 миңден ашуун донор кан тапшырып, аймактын медициналык муктаждыгын үзгүлтүксүз камсыздап келет. Аталган мекеменин директору Мелис Ормонов Ош облустук кан борборундагы учурдагы абал, элдин кан берүү маданияты, жеке менчик компаниялардын колдоосу жана донорлоруктун мааниси тууралуу биздин редакциябызга кеңири маалымат берди.
- Жайкы эс алууга жана каникулдарга байланыштуу кан тапшыруу бир аз татаалдашса керек. Бүгүнкү күндөгү абал тууралуу айтып берсеңиз, кан жана анын компоненттери жетиштүү болуп жатабы?
- Жылда эле жайкы эс алууга карата канга муктаждардын дагы, кан тапшырган донорлордун саны дагы бир аз азая түшөт. Албетте, кээде шашылыш кан талап кылган учурлар да болот. Мисалы, төрөттөн кан көп кеткенде, жол кырсыгына учураганда, күйүктөн жараат же травма алганда жана башка ушул сыяктуу учурлар болуп калышы мүмкүн. Ошондо гана кишинин саны бир аз көбөйө түшпөсө, жайында элдин келиши азайганы байкалып турат. Жалпысынан бир жыл ичинде биз 10 миңге жакын донордон кан алабыз жана 6 тоннадай кан даярдайбыз. Ош облустук кан борбору бир адамдын канынан 11 кан компонентин даярдап чыгат.
- Учурда кайсыл топтогу кан көбүрөөк талап кылынып жатат?
- Кан 1, 2, 3 жана 4-топтогу болуп, 4 топтон турат. Анын ар бир топ оң жана терс болуп экиге бөлүнүп кетет. Ал эми тигил же бул кан бейтаптарга көбүнчө талап кылынып турат деп, биз так айта албайбыз. Анткени шашылыш түрдө, бир убакта эле бир нече жакка мисалы, 3-топтогу кан талап кылынып калышы мүмкүн. Ушул эле топто жол кырсыгы, ушул эле топто төрөттө көп кан кетиши же анемия жана башка себептерден улам кан талап кылынган учурлар кездешип калат.
- Шашылыш түрдө кан керек болуп, бирок запас жетишсиз же жок болгон өзгөчө кырдаалдар болот. Ошондой учурда кандай чаралар көрүлөт?
- Албетте, форс-мажор учурлар болуп турат. Мисалы, Ковид убагында бүт кандын топторундагы плазма жетишсиз болуп жатты. Себеби бейтапка плазманы куйганда баягы ковиддин оорусу жеңилдеп, вирустун организмдеги залакасы азайып, организм кубат алып калат. Плазма деген – белок болсо, белок деген - кубат болуп саналат. Ал ошондой эле кандын коюулатып-суюлткан факторуна жооп берүүчү компонент. Негизи пандемиядан кийин кандын жетишсиздиги байкала элек.
Кан борбору - стратегиялык кызмат. Бул борбор жок болсо, медицина тармагын элестетип болбойт. Кээде кандын резус-фактору терс көрсөткүчтөгү кан тобу талап кылынып, бирок анын запасы жок болуп калышы мүмкүн. 1-топтон 4-топко чейинки резус-фактору терс көрсөткүч 100 адамдын бир же экөөсүндө гана болот. Ушул топтогу кан жок болуп калса, биздеги каттоодо турган донорлорго чалып, бейтаптарга кан таап беребиз. Болбосо кошуна облустар: Жалал-Абад же Баткенге кайрылабыз. Кээде алар бизге кайрылып, бири-бирибизди колдоп турабыз.
- Кан борбору жаңы донорлорду кантип өзүнө тартат? Материалдык жана материалдык эмес болгон кандай шыктандыруу чаралары бар?
- Кан донорлорун шыктандыруу үчүн жакында эле министрлер кабинети тарабынан токтом кабыл алынды. Анын негизинде, кан жана плазма, тромбоцит тапшырган донорго - компенсациялык акчалай төлөмгө бир аз кошулган. Бирок бул акча менен донорго мотивация бериш кыйыныраак.
Адатта, донор кан тапшыраар алдында бизде атайын анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүп, анан кийин донор болот. Анын анализинде бүт антиген, антителалар аныкталат. Бүт инфекцияга карата (ВИЧ, гепатит В, С, сифилис, малерия ж.б) тууралуу толугу менен анализ чыгарылат. Ошонун негизинде донор өзүнүн организминдеги абал тууралуу акысыз маалымат алып алса болот. Бул дагы бейтаптарды донор болууга шыктандырат.
Анын үстүнө кан тапшырса, адамдын организминде жаңылануу болот. Себеби, организмдеги эритроцит, лейкоцит, тромбоцит 30-60-90 күн жашайт да, убагы келген кезде алар өлүшөт. Ал эми кан тапшырган кезде денедеги өлгөн клетчатканын баары чыгып кетет да, организм жаңыланат.
- Сиздин оюңуз боюнча, үзгүлтүксүз донордук маданиятты өнүктүрүү үчүн эмнелерди өзгөртүү же жакшыртуу керек?
- 2015-жылы биз Германияга барып, 1 жумада 6-7 шаарында болуп, бул ишти жакындан көрүп, кан берүү ишмердүүлүгү жакшы нукка салынганына күбө болдук. "Кызыл жарым ай" коому, "Кызыл чырым" коому деген аларда дагы бар экен. Аларда ушул кызмат аябай иштейт. Кан борборлоруна дагы барганбыз, аларда донор аз, элдер чанда гана келишет экен да, бир гана канды алып кетишет экен. Ал жактагы кызмат менен биздин кызматты салыштырып болбойт.
Аларда акысыз кан тапшырууга болгон элдин мамилеси башкача экен. Кан тапшыруунун пайдасы тууралуу агитация-пропаганда жумуштары жогорку деңгээлде жолго салыныптыр. Атайын акциялар түштөн кийин эл жумуштан кайткан кезде уюштурулуп, акысыз кофе-чай, жеӊил тамак, музыкасы менен элди чакырып каалоочулардын канын алып кетип жатышты. Атайын лаборатория менен жабдылган машина келип, чоң зал же клубга кушеткаларды жайгаштырып, акысыз эле кан тапшырышты. Бизде дагы ушундай кан тапшыруу маданияты уюштурулса, жакшы жарнама болсо, өлкөбүздө кандын стратегиялык запасы көбөймөк.
- Ош шаарындагы Кан борборуна жеке менчик мекемелер колдоо көрсөтүшөбү? Кандайдыр бир атайын акциялар менен коштолгон өнөктөштүк болуп турабы?
- Ооба, кайрымдуулук көрсөткөн жеке менчик ишкана-мекемелер жок эмес. Айтсам, жеке менчик дарыканалар көп колдоо көрсөтүп турушат. Андан сырткары Оштогу "Кызыл ай" коому жардам берип турат. Негизи, жылына 2 жолу донорлорго арналган атайын акциялар уюштурулат. 14-июнь - Бүткүл дүнөлүк кан донорлор күнү жана сентябрдын акыркы жекшембисинде Кыргыз Республикасынын улуттук кан донорлорунун күнү белгиленет.
Быйыл Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнүн урматына биз Яндекс Go менен биргеликте донорлорубуз үчүн атайын акция өткөрүп жатабыз. 14-июндан 31-июлга чейин Ош облустук кан борборунда ийгиликтүү кан тапшырып, маалымкат алган жарандарга Яндекс Go менен жол жүрүү үчүн промокод берилет. Бул компаниянын бизге колдоо көрсөтүп, донорлорду шыктандырып жатышы абдан жакшы көрүнүш. Мындай иш-чара бизде биринчи жолу уюштурулуп жаткандыктан, учурдагы жагымдуу жаңылыгыбыз ушул.
- Мекемелердин кызматкерлери массалык түрдө кан тапшырган кезде ички корпоративдик акция канчалык активдүү ишке ашырылат?
- Ковид учурунда кандын стратегиялык запасы калбай калып, мекемелерди кыдырып кан алып, бул запасты толуктоого мажбур болгонбуз. Анда облустук администрация, мэрия өз ишканаларын активдештирип, бул акция 1 жыл бою уланган. Анын негизинде биз тийиштүү запастын курамын чогултууга жетишкенбиз.
Ал эми жогоруда айткандай, 14-июндагы Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү акциясына жарандар өтө деле көп келишпейт. Анткени биздин элдин бекер кан берүү боюнча түшүнүгү башкача калыптанган. Бирок зарыл учурда элибизди ынтымагы бекем, десем жаңылышпайм. Мисалы, кыргыз-тажик коогалаӊында эл орозо болгонуна карабастан активдүү кан тапшырып жатышты.
- Кан борборунда көйгөйлөргө токтолсок, бул жаатта кандай кыйынчылыктар бар?
- Ош облусундагы кан борборунда кыйынчылыктар көп. Биринчиден, анын өзүнүн имараты жок. Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын үй-бүлөлүк жатаканасында 2002-жылдан бери жайгашып олтурабыз. Бизде кан борборун куруунун долбоору бар, бирок каржылоо жок, жер аянты да жок.
Экинчи маселе, кадрлардын жетишсиздиги. 1993-жылы 42 штат берилген. Андан бери 30 жылдан ашты, ушул 42 штат менен жылына 6 тоннага жакын канды кыйналып болсо да, даярдап берип жатабыз.
Үчүнчү көйгөйүбүз, биздин медициналык жабдыктарда. Алардын эскилиги жетти. Муздаткыч, тоңдургуч жабдуулары иштен чыгып, жок кылууга жөнөтүлүп жатат. Ушунун баарын жаңылаш керектелет. Бул үчүн көп акча талап кылынат.
- Кан тапшыруу жөнүндө сиз көбүнчө кайсы мифти жокко чыгарат элеңиз? Адамдардын кан донору болушуна эмне тоскоол болушу мүмкүн?
- Кээ бирөөлөр кан тапшырсак, көз каранды болуп калабыз деп ойлошот. Инфекция жугузуп аламбы, кан алдырсам кансырап каламбы же кан тапшыра берип түбөлүк донор болуп каламбы деп кооптонгондор бар. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Тескерисинче, кан тапшырган адамдын каны жаңыланып, иммунитети бекемделет, организм жашарып, өзүн жакшы сезип калат.
Белгилей кетсем, 40-50 жаштан кийин кан басымы 130-140тан жогору көтөрүлө баштагандардын баарын "давление" деп эсептейт. Эгер адамдын кан басымы 160ка чейин көтөрүлүп жаткан болсо жана анализдери туура чыкса, биз аларды донор кылып ала беребиз. Алар кан бергенден кийин кадимкидей жеңилдеп калышат да, өздөрү эле тийиштүү учурда келип, кан тапшырып турушат.
- Сиздин тажрыйбаңызда кан донорунун кандайдыр бир эсте калган окуясы болду беле?
- Адамдар ар кандай болушат. Бирөөнүн көлөмү кичинекей 55-60 килограмм, бирок, камырабай кан тапшырып жүрүшөт. Ал эми кээ бирөөлөрдүн көлөмү зор көрүнгөнү менен аябай назик болушат.
Бир жолу бизге салмагы 100 килограммдан ашык 2 киши келди. Экөө бир тууган экен, саламаттыгы жакшы, биринчи ирет кан тапшырып жатышыптыр. Кадимкидей кан тапшырып бүткөндөн кийин, туруп келе жатып бирөөсү жыгылып калса, анын артынан келе жаткан агасы да анын үстүнө кулап түшсө болобу... Көрсө, булар ичинен коркуп, өздөрүнө психикалык чабуул жасай беришкен экен. Ошондон улам бири-бирин көрүп эле коркуп кулап калышыптыр.
Элестетсеңер, 55 килограмм салмактагы кичинекей кыз жакшына болуп тапшырып чыгып кетти, ал эми 100 килограмм салмактагы балбан балдар, биринен өтүп экинчиси кулап жатат.
- Биринчи ирет кан тапшыруучу жарандар эмнелерди билиши зарыл?
- Биринчиден, Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 60 жашка чейинки жараны донор боло алат. Башка өлкөнүн жараны болсо, ал каттоого туруп, андан кийин биздин өлкөдө 6 ай жашашы керек, андан кийин донор боло алат. Ошондой эле сөзсүз түрдө ар бир донордун өздүк документи талап кылынат. Анан ден соолугу чың, кичине кезинде сарык оорусу менен оорубаган, кант диабети менен жабыркабаган, өнөкөт оорулары жок болушу керек. Аял кишилер болсо, бала эмизип жатса, этек кири келип жатса же кош бойлуу болсо, кан тапшыра алышпайт.
Жалпысынан жылына эркек кишилер 5 жолу, аялдар 4 жолу кан тапшырса болот. 55-60 килограмм салмактагы адамдан бир алганда 400-450 грамм кан жоготуу норма болуп эсептелет.
Кошумчалап айта кетсем, кан тапшырууга биринчи ирет келген жаран эч нерседен коркпошу керек. Менин каным кайра эле калыбына келип, жаңыланат жана менден чыккан кан бирөөнүн өмүрүн сактап калууга жардам берет деп эстен чыгарбашы зарыл.