Израилде Ирандын ракеталык соккусунан 30дан ашуун киши жаракат алды

Израилде бейшемби күнү эртең менен Ирандын ракеталык чабуулунан 30дан ашык адам жарадар болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 2 адам оор жаракат алды. Ошондой эле жеңил жарадар болгондордун саны 30га жеткен.

Айта кетсек, Иран бейшемби күнү эртең менен Израилге ракеталык сокку урду. Чабуул Тель-Авив, Рамат-Ган жана Холонго жасалган. Ошондой эле Беэр-Шева шаарындагы ооруканага Ирандын ракетасы түз тийгени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан