
Саммит 24-25-июнь күндөрү өтөт. Reuters агенттиги белгилегендей, эки күндүк саммит АКШ президенти Дональд Трамп үчүн ийгиликтүү болушу мүмкүн эле. Анткени баштапкы пландарга ылайык, саммиттин жыйынтыгында НАТО өлкөлөрү 2035-жылга чейин өзүнүн жылдык коргонуу жана коопсуздук чыгымдарын ИДПнын 5 пайызына чейин көтөрүүгө милдеттенме алмак.
Бирок азыркы абалды эске алганда, саммиттин күн тартибинде АКШ президенти Трамптын буйругу менен Иранга каршы жасалган аскердик соккулардын кесепеттери болмокчу.

НАТОго мүчө 32 өлкөнүн лидерлери Гаагага Жакынкы Чыгыштагы күчөп бараткан жаңжал жана үч жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан Украинадагы согуш маселеси үчүн чогулушууда. Бирок бул кагылышуулар саммиттин күн тартибине толук киргизилген эмес.
Былтыр Вашингтондо өткөн НАТО саммитинде уюм мүчөлөрү Украина НАТОго кошулушу мүмкүн экенин расмий түрдө билдиришкен. Бирок андан бери абал өзгөрдү. Дональд Трамп Ак Үйгө кайтып келгенден кийин дароо эле Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштап, Украина президенти Владимир Зеленский тууралуу бир нече жолу терс пикирин айткан. АКШнын дипломатиялык аракети азырынча согушту токтото элек.
24-июнда Зеленский Нидерланд падышалык үй-бүлөсү уюштурган кечки тамакка катышмакчы, Евросоюз лидерлери жана башка өлкөлөр менен жолугушуулар пландалууда. Бирок Трамп менен жолугушуусу азырынча белгисиз. Бир жума мурда Канадада өткөн G7 саммитинде алар жолугушмак, бирок АКШ президенти ал жерден эрте кетип калган.
Politico маалыматына ылайык, саммитте Украина-НАТО кеңешинин жыйыны болбойт. Себеби америкалык делегация согуш маселесин көтөрүүнү каалабай турганы айтылууда. Трамп бул согушту токтотууну убада кылган, бирок азырынча жыйынтыкка жетише элек.
НАТО баш катчысы Марк Рюттенин айтымында, Украина тууралуу сүйлөшүүлөр болот. Саммит алдында өткөн пресс-конференцияда ал бул документте “Украинага Орусия агрессиясына каршы күрөштө жардам көрсөтүү боюнча маанилүү сөздөр” болорун убада кылды.
Украинанын саммиттен олуттуу колдоо табышына Жакынкы Чыгыштагы кырдаал да тоскоол болууда. Саммитке чейин АКШ Израил менен бирге Ирандын ядролук объекттерине сокку урган. Бүгүн, 24-июнга караган түнү Трамп Иран менен Израил ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин айтты, бирок бул келишим аткарылабы же жокпу азырынча белгисиз.
Washington Post басылмасынын маалыматында, АКШнын Иранга каршы аракеттери саммитке таасирин тийгизүүдө. Расмий программада Жакынкы Чыгыш маселеси өзүнчө каралбайт, бирок баш катчы Марк Рютте айрым жолугушууларда бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, саммиттин негизги темасы - уюмдун 32 мүчөсүнүн коргонуусу жана коопсуздугу.