Бүгүн, 2-июлда Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Төмөндө Султан Кермалиевдин өмүр баянын сунуштайбыз.2014-жылдын 23-майынан тарта "Шарипкан" ЖЧКсынын жетекчиси. Компания негизинен сырье – курулуш материалдары өндүрүү, дизайнерлик пирстерди долбоорлоо жана куруу менен алектенет.
Анын эң белгилүү иштеринин катарында Чолпон-Атадагы комуз формасындагы пирс, ошондой эле Балыкчы шаарына орнотулган Зевс жана Посейдон скульптуралары бар. Бул объекттер азыркы учурда туристтер көп барган жерлердин бирине айланган.