Ала-Тоо аянтына коюла турган Манастын эстелигинин жаңы эскиздери жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясы Ала-Тоо аянтына коюла турган Манастын эстелигинин жаңы эскиздерин жарыялап, айкелдин постаментин реконструкциялоо иштери аятап калганын билдирди.

Калаа башкармалыгы "Айкөл Манас" айкели борбордук аянтка жеткирилгенин, ал жасалгалоо иштери бүткөндөн кийин орнотуларын белгиледи.

Долбоор боюнча, постаменттин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзсө, айкелдин бийиктиги 10,3 метр болот.

Буга чейин Манастын эстелегинин эскиздери жарыяланып, скульптуранын авторунан бери айтылган болчу. Андагы сүрөттөрдүн азыркыдан айырмасы бар.

Эске салсак, Ала-Тоо аянтында жайгашкан "Айкөл Манас" монументин реконструкциялоо иштери ушул жылдын январь айында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан