Кечээ, 24-июлда Жалал-Абадда УКМКнын облус боюнча башкы башкармалыгында жергиликтүү бийлик жана ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Анда Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылындагы суу менен камсыздоо тутумун оңдоо боюнча маалымат угулуп, мыйзам бузуулар аныкталганы айтылды. Натыйжада мамлекетке 3 миллион 500 миң сом өлчөмүндөгү зыян келтирилгени белгиленди.
УКМКнын өкүлү буга Жалал-Абад облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл боюнча өкүлү Абдрасул Султанов менен "Строймемсервис" компаниясынын жетекчиси Манас Абдыкадыровдун жоопкерчиликсиз аракеттери себеп болгонун маалымдады.
УКМКнын облус боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Досмамбетов ачууланып, подрядчы компаниянын жетекчисинен келтирилген чыгымды төлөй аларын сурады. Абдыкадыров чыгымдын ордун толтурууга даяр экенин билдирди.
"Бүгүн эле төлөп саласыңбы?", - деп кайталаган Досмамбетовдун суроосуна ал башын ийкеп гана жооп кылды.
"Акчаң көп окшойт, э? Же бизде кичине отуруп турасыңбы? Ойлонгуча эки айга отуруп турбайсыңбы? Сен аны бекер жасаган жоксуң. Мамлекет акча төлөп берип жатат. Проект боюнча болгондо мындай болмок эмес да. Күнөөнү моюнга алгандын ордуна кайра былжырайсың", - деди УКМКнын облус боюнча башчысы.
Каныбек Досмамбетов аты аталган эки адамды суракка алууну буйруду. Натыйжада алар жыйын өтүп жаткан залдан чыгарылды.