Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу Лира Сыдыкова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы бүгүн, 14-августта билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Сыдыкова аталган кызматка 2019-жылы дайындалган.