Ош шаарынын вице-мэри Дастан
Ходжаев отставкага кетүү боюнча арыз жазды. Муну шаардык мэриянын басма
сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Ходжаев кызматтан кетүү чечимин өз каалоосу менен кабыл алды.
Эскерте кетсек, 15-январда Ош
шаарынын жаңы мэри болуп Айтмамат Кадырбаев шайланды.