Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФАнын бүгүн, 16-январда жаңыланган рейтингинде бир орун алдыга жылды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, курама команда карамагындагы 155 упай менен рейтингде 146-орунду ээледи. Ал эми АФКнын (Азиянын футбол конфедерациясы) рейтингинде да Кыргызстан бир орун алдыга жылып, 26-орунду ээледи. Эске салсак, өткөн жылда чыгарылган акыркы рейтингде Кыргызстан курама командасы ФИФАнын рейтингинде 147-орунду, АФКнын рейтингинде 27-орунду ээлеген.
Рейтингди Испания жетектеп турат. Алдынкы үчтүктө Германия жана Аргентина курама командалары бар.