ФИФАнын рейтингинде Дүйнө чемпиону Германия 1-орунга чыкты, Кыргызстан 144-орунда

Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугун утуп алган Германия курама командасы ФИФАнын 17-июлга карата чыгарылган рейтингинде 1-орунга чыкты. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул жолу Дүйнө чемпиондугунда өз тайпасынан чыга албай калган Испания курамасынын көрсөткүчү 7 орунга төмөндөп, 8-орунду ээлеп калды. Рейтингде алдынкы орунга чыккан Германия курамасынын эсебинде 1724 упай бар. Алдынкы ондук Дүйнө чемпиондугунда мыкты оюн көрсөткөн Колумбия, Швейцария жана Франция сыяктуу курамалар менен толукталды. Ал эми май айынан бери бир дагы расмий оюндарга катышпаган Кыргызстан курама командасы 208 мамлекеттин ичинен 144-орунду ээлеп, өткөн айдагы ордунан 5 орун алдыга жылды.

ФИФАнын рейтинги:

Орун   Команда                 Упай

1.         Германия                 1724

2.         Аргентина                1606

3.         Голландия               1496

4.         Колумбия                 1494

5.         Бельгия                    1401

6.         Уругвай                    1330

7.         Бразилия                 1241

8.         Испания                   1229

9.         Швейцария              1216

10.       Франция                   1202

144.     Кыргызстан              176 

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Melis_neymar
2014-07-17 16:13:06
жакшы акыркы эмес экен))
-1
92nuraaly
2014-07-17 16:27:11
Акыркылардын алды окшойбузго.
+1
GUMU
2014-07-17 16:40:22
күнөө футболчуларда эмес, шарттын жоктугунда. Шарт, мумкунчулук тузуп берсе, откондогу ЧМ-2014то Ирандын ордуна биздин сборный бармак
+1
nargiz_96
2014-07-17 16:45:28
буйурса 3014 жылдарга чемпион болобуз кудай колдойт алдындарым
-3
insap
2014-07-17 18:22:35
Неместер өз өнөрүнүн күчтүүлүгүнөн улам жыргализымдын туу чокусунда...
0
elgiz0890
2014-07-17 19:43:51
шарт дейсинер коншу озбекстандан 5:00го утулуп эле журо берет шарт бар бизде ынтымак жок озумчул биздикилер
+1
Danel
2014-07-17 20:19:00
Жакшы жакшы,кези келсе Озбекистандыда жер каратат буйурса,конулду чоктурбогуло никогда не здавайсия дегендей,жылыш бар!!
0
nurkasym-2014
2014-07-17 21:59:30
Шарттын жогу жок бирок Кыкенбайларда аракет жок болуп атат ко.Жалкоолонбой шарт жок дебей усилинный машыгуу керек.Футбольисттерди гшанейтетиш керек.Ошондо жылыш болот.
0
zamir
2014-07-18 05:21:19
nargiz_96 tuura aitasyn kowulamyn jazganyndy okup boorum ezilgiche kuldum)) kudaiym buirusa Kyrgyzstan dagy oinop kalaar duino chempiondugunda.
0
murgab2014
2014-07-18 05:45:54
ураааа кыргызстан чемпион 3014 жылы
-1
chyngyz1992
2014-07-18 08:17:06
ХАХАХА Стыдно эмесби? же стыдно когда видно дейсинерби -:)-:)-:)
0
sagynbek89
2014-07-18 08:37:49
Футболдо да бай футболчуларыбыз курама командага кошулат кыргызстандыкы бул чындык. Чынында корупция гулдөгөн.
0
tiletork
2014-07-18 17:17:16
Даны ортодо болгонуна суйунсонор буга да жогору жактагылар куноолуу деп отура бербей, колунан келеби ойно,колуну бутуну байлап койдубу,rukopawink ,мага айтып жатам
0
tiletork
2014-07-18 18:06:25
Баардык шарты бар орустар деле журбойбу
0
LaraKroff
2014-07-18 19:31:03
tiletork, туптуура. Футбол культурасын калкка синдируу учун ото коп убакыт талап кылынат . Негизи эле спорт дагы менталитет тандайт эмеспи, орустар футболдон жок болгону менен, хоккей жана фигурное катание боюнча эч кимди алдыга салышпайт. Ал эми Бразилияда болсо кичинекей райондорунда топтун ордуна жасап алышып эле футбол ойношуп жатпайбы.
0
Ali-Baba
2014-07-19 22:33:54
согуштан башы чыкпаган афгандар бизден жогору турса керек, шарт жок дейсинер... Баарынан мурун каалоо болуу керек, шарт да керек бирок ал чечуучу фактор эмес. Экономикасы Казахстандан кыйла артта калган Озбекстанда футбол мыкты онуккон, же бут шарты, эн кымбат тренери бар Россия менен Коста-Риканы, Хорватияны, Колумбияны, Нигерия, Алжирди салыштыргыла, Экономикасы, спорт учун корулгон камкордук боюнча Россия алдынкы 10дукка кирет бирок футбол ойногону келгенде 25 ж.бери группасынан чыга албайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан