ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргыз курама командасы 96-орунду сактап калды. Бул тууралуу ФИФАнын сайтына бүгүн, 20-февралда жарыяланды.
Кыргыз курама командасы беттеш өткөргөн эмес. Улуттук курамада жалпы 1240 упай бар. Бул көрсөткүчү менен Кыргыз курамасы дүйнөлүк рейтингдеги 96-ордун сактап калды.
АФКда (Азия Футбол Конфедерациясы) Кыргыз курамасы 15-орунда жайгашты.