15-январда Ош шаарынын борбордук аянтына чогулган митингчилердин аракеттери боюнча кылмыш иши козголду. Муну Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Митингде мэриянын имаратын кайтарып турган 16 милиция кызматкери жаракат алганы айтылды. Кылмыш иши мэриянын имаратын басып алууга аракет жасоо, милиция кызматкерлерин таш менен уруу жана президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн эл алдында өрттөө аракеттери боюнча козголду.
ОИИББи жабыркаган милиция кызматкерлери боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирет.
Эскерте кетсек, 15-январда Ош шаарынын мэрин шайлоо учурунда Мырзакматовдун тарапташтарынын бири Алмазбек Атамбаевдин
сүрөтүн өрттөгөн. Ошол эле учурда мэриянын имаратын басып алууга аракет болуп, айрым милиция кызматкерлеринин жаракат алганы айтылган болчу.