16-январда шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов "Ош шаардык кеңешиндеги "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаттары мандаттарын тапшырган учурда да, шаардык кеңеш өз ишин уланта берет" деп билдирди.
"Мыйзамга ылайык "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаттары мандатын тапшырган учурда алардын ордун кезектеги башка талапкерлер толуктайт. Бул маселени карап жатабыз. Буга байланышкан маселе шаардык кеңештин кийинки кезектеги сессиясында гана каралат", — деди Примов.
Эскерте кетсек, 15-январда мэр шайлоодон кийин борбордук аянтта экс-мэр Мелисбек Мырзакматовдун тарапташтары тынчтык митингин өткөрүшкөн. Анда "Улуттар биримдиги" партиясынын шаардык кеңештеги депутаттары мандатын тапшыра тургандыгы тууралуу айтылган. Ал эми аталган фракциянын депутаты бул маселени партиянын саясий кеңеши чечерин билдирген.