Социалдык тармактарда Украинанын жараны делген Ярослав Овсюктун Бишкектеги соода борборлорунда коркунуч болорун айткан видеосу тарап жатат.
Анын кечээ, 16-октябрдагы билдирүүсүнөн улам милция кызматкерлери борбор калаада мектептерди текшерүүгө алышкан. Ички иштер министрлиги 20 жаштагы Ярослав Овсюк Кыргызстанда эместигин билдирди. Ал Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөнү такталды.