Башкы прокуратура “Кумтөр” боюнча соттук процесстин башталганы тууралуу маалымдады. Ага ылайык, 2014-жылдын
16-январында мекеме тарабынан иликтенип жаткан “Кумтөр” боюнча иштин
соттук отуруму болуп өткөн.
Анда айыпталуучулар А.Жолошов, Н.Алымбаев,
Д.Камчыбеков, Т.Акматалиев жана алардын жактоочулары кылмыштын эскирүү мөөнөтү
бүткөндүгүнөн улам ишти токтотууну айтып чыгышкан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө 2003-жылы Айдар Акаев жана “Кыргызалтындын”
мурдагы президенти маркум Камчыбек Кудайбердиев экс премьер-министр Николай
Танаев менен бирге «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоону уюштурушканы белгилүү болгон. Мындан
улам мамлекет кен иштетүү ишканасын көзөмөлдөй албай калган.
Алардын аракетине канадалык
тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн өкмөттүк эксперттик топтун мүчөлөрү Э.Төрөмырзаев,
Е.Белковская, А.Жолошов, Н.Алымбаев жана Д.Камчыбековдор көмөктөшкөн. Алардын чечими долбоорду реструктуризациялоо
боюнча токтомдун даярдалышына негиз болгон.
Башкы прокуратуранын маалыматында “кылмыштуу
реструктуризациялоодо” токтомго макулдугун берген мурдагы министрлердин (каржы
министри Б.Абдилдаев, өзгөчө кырдаалдар жана экология министри Т.Акматалиев, сырткы
соода жана өнөр-жай министри С.Жээнбеков, юстиция министри К.Осмонов) да
күнөөсү бар экени жазылган.
Мамлекетке келтирилген зыянды эсептөө үчүн соттук-экономикалык
экспертиза жүргүзүлгөн. Эксперттердин чыгарган тыянагына ылайык, 2003-жылы “Кумтөр”
долбоору реструктуризациялангандан кийин “Центерра Голд.Инк” ишканасында кыргыз
тараптын үлүшү 25,7 пайыз акцияга же 171,5 миллион долларга кыскарган.
Тергөөнүн жыйынтыгында А.Жолошов, Н.Алымбаев,
Д.Камчыбеков, Б.Абилдаев жана Т.Акматалиевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303
беренесине (коррупция) ылайык козголгон кылмыш иши 2013-жылдын 18-ноябрында
сотко өткөрүлүп берилген.
Сырттан айыпталып жаткан Айдара Акаев, Н.Танаев, Э.Төрөмырзаев,
Е.Белковская, С.Жээнбековго эл аралык издөө салынган. Мурдагы юстиция министри
Курманбек Осмоновдун ЖКнын депутаты деген статусуна байланыштуу жеке кылмыш иши
ачылган. Депутаттын ден соолугуна байланыштуу тергөө жылдырылган.
Тергөөдө “Кумтөр” долбоору боюнча макулдашууну
түзүүдө коррупциялык иштер аралашканы аныкталган. Кылмыштардын эскирүү мөөнөтү
10 жыл болгондуктан аталган иш 2013-жылдын 14-декабрында аяктамак. Мекеменин билдирүүсүндө
жогоруда көрсөтүлгөн айыпталуучулардын жоопко тартуу боюнча иш сотко өткөрүлгөн
учурда (2013-жылы 18-ноябрда) кылмыштын эскирүү мөөнөтү аягына чыккан эмес.