(Башы өткөн сандарда)
Мариям башын чайкай берди.
– Эмне болсо да ажырашканга макулдук бербейм!- деди тиштене.
– Менин айта турган сөзүм ошол, сени менен ажырашам. Ушул жыйынтык баарыбыз үчүн жакшы болот. Тынч жашообуз үчүн, мен үчүн, сен үчүн, балдарыбыз үчүн ушул нерсе керек.
Акбар ушуларды айтты да, чыгып кетти. Машинесине отуруп жөнөп баратып, эки кичине баласын өппөй калганына кейий түштү. Балдарда эмне күнөө? Экөө тең көзү чачырап күтөт. Атасы келгенде үй-бүлөнүн чоңдору менен алышып жатып, аларга көңүл бура албай калат. Ушинтип кейип бара жатты. Кетип баратып эле көзү тумандай түштү. Көкүрөк жагы кысылып баратты. Эмне болгонун түшүнүп жетишкиче эле колу шалдырап болбой калды. Араң жолдун чекесине чыгып, токтогонго жетишти. Эсин жоготуп баратты.
ххх
Инсульт дешти. Суук кабарды угары менен Айкөл жетип келди. Жол бою Жаратканга жалынып келе жатты. “Бардык жакындарымдан ажырадым. Мага дагы биринин өлүмүн көтөртө көрбө, Жараткан. Жаны аман калса болду, керек болсо анын жанынан кетип калганга даярмын. Такыр жашоосунан жок болуп кеткенге даярмын. Болгону жашасын”. Көзүндө жаш, көөдөнүндө үмүт. Ооруканага жетип барды. Бирок Акбардын урук-тууганы, балдары, Мариям жүргөнүн көрүп эмне кыларын билбей туруп калды. Жашына берди дубалга. Аларга жакын барса катуу чыр чыгарын билди да, акырын гана сырттан карап турууну чечти.
Акбар акырын көзүн ачты. Тили тамагына жабышып калгандай, бүткүл денеси оор эле. Сүйлөйүн десе тили күрмөөгө келбеди. Маңдайында Мариямды жана туугандарын көрдү. Көзү менен бирөөнү издеп жаткандай эле.
– Бир нерсе айтайын деп жатат, Мариям, эңкейсең, сага айтканы жатат окшойт,- деди эжеси.
Мариям ага кулагын тосо берди. Көзү жумулган абалда Акбар “Ай-кө-л...” деп жатканын укту. Куду бирөө суу чачып жибергендей денеси муздай түштү. Турган ордунда катып калды.
– Эмне деди?- деп сурады жанындагылар. Тигилерге эмне дээрин билбей “билбейм, угулбады” деди. Ушуну араң күбүрөгөн Мариям жүрөгү өрттөнүп жатканын сезди. Кызганычтын жалыны бир азда суугандан кийин отуруп ойлоно баштады. Ушул убакка чейин ал чын эле күйөөсүн түшүнбөгөнүн сезди. Ал эркектик дымак үчүн, эгосу үчүн же жөн эле сулуу жана атактуу кызга ээ болуу үчүн гана экинчи аял алды деп ойлогон. Бирок ушунчалык аз убакытта ага чырмалып калгандай чоң сезими бар экенин билген эмес. Өлүм оозунда жатып да оозунан түшүрбөгөн келмедей бир ысым бар болсо, демек, бул чоң сезимдин белгиси. Жеңилгенин сезди. Ошол эле учурда болбогон бир нерсе менен алышып, болбогон бир нерсе үчүн күрөшүп жатканын акылы менен сезе калды. Канчалык оор болсо да ал Акбардын жүрөгүнөн чоң орун ала албаганын билди. Эки ийини шалдая отуруп калды.
ххх
Тууган-урук, бала-бакыралардын баарын кетирип коюп, Мариям өзү Акбардын жанында калды. Түнү менен жанынан чыкпай карап жатты. Түнкү саат үчтө эшик акырын ачылды. Айкөл экен. Мариямга жалбарып карады. Ушул жерден кууп жибериши мүмкүн экенин билип келген эле. Үнсүз тиктешип калышты. Мариям жакындап келди. Азыр жаакка чаап жиберет болуш керек деп күттү Айкөл, чымырканып эмне кылса да чыдаганга даяр болуп келген эле. Бирок Мариям маңдайында бир топко карап турду да, акырын үн катты.
– Сени күтүп жаткан. Келгениң жакшы болду.
– Рахмат, эже, бул жакшылыгыңызды унутпайм.
– Мен эшикте болом.
Айкөл Акбарга жакын келди. Өңү чындап эле кыйналгандай сезилди. Акырын колун алып өөп, көкүрөгүнө кысты.
– Жарык, мен аябай корктум. Сизде баары жакшы болсо, менин бактым ошол. Кыйналып кеттиңиз, билип турам. Эки бөлүккө бөлүнүп калгандай жашадыңыз акыркы убакта. Мен баарына күнөөлүүмүн. Сиздин жашооңузга кирбешим керек эле, мен ушундай кара жолтой болдум. Мени кечириңиз. Сиз жакшы болсоңуз эле кетем. Сиз мени таппай кала тургандай алыстарга кетем. Болгону сиз жашасаңыз! Мага андан башка эч нерсенин кереги жок. Сиздин жарыгыңыз мага алыстан болсо да тиет.
Айкөл ыйлап жатты. Эшик бир аз ачык калгандыктан мунун баарын Мариям угуп турду. Эмнегедир көзүнө жаш айлана түштү. Кимисине боору ооруду билбеди. Арстандай күчтүү деп жүргөн Акбардын минтип жатып калганынабы же тагдыры тайкы болгон жаш кыздын көз жашынабы, өзү да билбеди.
ххх
Таң атканда Акбар өзүнө келди. Сүйлөйүн деп бирок сүйлөй албаган, кыймылдайын деп кыймылдай албаган жаман тура. Мариям уктабай отуруптур. Жанына келип, маңдайынан сылады.
– Суу ичесиңби?
Көзү менен “ичем” дегендей ишарат кылды Акбар. Ага акырындап суусун, бир аз тамагын ичирди. Көзүндөгү тынчсызданууну көрүп туруп чыдабай кетти.
Уландысы шилтемеде.