Кыргызстан ар дайым сөзгө өзгөчө мамиле жасап келген. Бул жерде улуулардын жылуу акыл-насааты багыт көрсөткөн жип сыяктуу болуп, эненин жумшак сөзү өмүр бою коргоп турган күчкө айланат. Ушундай сөздөрдөн, байкоолордон жана тажрыйбадан улам макал-лакаптар пайда болот. Алар бизди бала кезден коштоп, ар бир үйдө жаңырып, улуулар тарабынан мурасталып, жашоодогу ар түрдүү жагдайларда колдоо болуп келет.
Улуу муундан калган бул көп кылымдык даанышмандык, элибиздин оозеки чыгармачылыгында сакталып келген мурас катары, Globus дүкөндөр тармагын жана Jandan брендин “Эл айткандай” аттуу жаңы дропту жаратууга шыктандырды. Анын өзөгүндө ар бир кыргызстандыкка жакын жана түшүнүктүү болгон сөздөр турат.
Коллекциянын биринчи этабында төрт макал тандалды:
Ар бир макал өзүнчө маани берип, визуалдык акценттер менен түшүндүрүлгөн. Баары биригип, байланышын жоготпогон бир тамыр сыяктуу заманбап бирдиктүү маанайды түзөт.
“Биз үчүн “Эл айткандай” жөн гана дроп эмес. Бул – муундан муунга өтүп келген сөздөрдү кылдаттык менен кайрадан карап чыгып, аларды жаңы өңүттө көрсөтүүгө жасалган аракет. Бул коллекцияда биз жалпы мураска мүнөздүү жылуулукту сактап, анын заманбап чечмесин сунуштагыбыз келди”, - дейт Globus компаниясынын PR-менеджери Бермет Танабаева.
Жаратуучулардын айтымында, бул башталышы гана. Убакыттын өтүшү менен коллекция жаңы макалдар менен толукталат, демек, жаңы маанилер да пайда болот.
“Мындай чыгармачылык бирикмелер биз үчүн абдан баалуу. Айрыкча ушундай өзгөчө долбоорду биз Globus менен демилгеге бай, дымактуу , кесипкөй команда менен бирге ишке ашырып жатканыбыз маанилүү”, — деп кошумчалайт Jandan брендинин жетекчиси Яна Дрёмина.
Белгилей кетсек, Globus тармагы үчүн өзгөчө мааниге жана улуттук колоритке ээ коллекцияларды жаратуу жакшы салтка айланган. Буга чейин жергиликтүү Be Adam бренди менен биргеликте кыргыздын керемет жерлери, улуу инсандары жана тарыхка бай жерлери жөнүндө дроптор чыккан. Ал коллекциялар Кыргызстан тарыхын жана ар бир ааймактын бай мурастарын өзүнө камтыды.
Мурункудай эле “Эл айткандай” топтому чектелген санда чыгарылган, анын негизги бөлүгү Globus'тун туруктуу кардарларына белекке берилет. Бирок бир аз сандагы свитшоттор сатууга да чыгат. Алар төмөнкү даректеги дүкөндөрдөн табылат:
Ата-бабалардын акыл-насааты күн сайын жылуулук тартууласын!
Жакшы ниет менен кийиңиз. Маани берип кийиңиз.