Каныбек Досмамбетов мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, 1-декабрда Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Каныбек Досмамбетов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Досмамбетов буга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков ал бул кызматка саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоюу жана реформаларды тездетүү үчүн алып келингенин билдирди.